Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигин «Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН CАНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2023-жылдын 4-августу № 2-д
Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу" токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу менен бекитилген коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча Методикалык колдонмону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары –Тизмек), тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери мамлекеттик административдик кызмат орундарына дайындоодо, ошондой эле кызматкерлерди ротациялоону пландаштырууда жана жүргүзүүдө ушул буйрук менен бекитилген Тизмекти эске алсын жана жетекчиликке алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кадрлар бөлүмү жетекчиликке коррупциялык кызмат орундарын ээлеген адамдарды ротациялоо боюнча сунуш киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук сайтына Тизмекти жайгаштырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча сектору мыйзамда белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөсүн жиберсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына - маалымат үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешке - маалымат үчүн.
6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Т.О. Иманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Санариптик…Перечень · 04.08.2023 · № 2-д
- 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 4-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын…Приказ · 12.09.2024 · № 4-д · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 (Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмо бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 18.05.2016 · № 281 · Күчүн жоготкон