Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства цифрового развития и инновационных технологий КР от 29 октября 2025 года № 3-д "Об утверждении Перечня случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в системе Министерства цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-10-29.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 29-октябрындагы № 3-д буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 4-д буйругу менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№
Мамлекеттик органдын фунциясы (ыйгарым укугу)
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар
Коррупция-лык тобокелдик-тин категориясы: системалуу (реалдуу, потенциалдуу, кырдаалдык)
Коррупция-лык тобокелдик-тин деңгээли (төмөнкү, орто, жогорку)
Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы
Коррупция-лык тобокелдикке кабылган кызмат орундары
Башка мамлекет-тик органдар-да коррупция-лык тобокел- диктин пайда болушу мүмкүнбү (кайсыл мамлекет-тик органда)
Тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары
1
Республикалык бюджеттин жана байланышты, санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну өнүктүрүүгө каралган башка булактардын каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функцияларын ишке ашыруу
-финансылык каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алууда белгилүү бир мамлекеттик органдын кызыкчылыктарын лоббирлөө потенциалдык мүмкүнчүлүк.
потенциалдуу
төмөнкү
СƟМдүн Санариптик экономиканы ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган финансылык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия
комиссиянын мүчөлөрү
жок
Электр жана почта байланыш чөйрөсүндөгү тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары
2
Радио тоскоолдуктарды же санкцияланбаган сигналдарды аныктоо жана четтетүү, колдонуучуларга ар кандай радио тоскоолдуктарды азайтуу жана бөгөт коюу боюнча талаптарды коюу
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- радио тоскоолдуктардын же санкцияланбаган сигналдардын жоктугу жөнүндө жалган корутундуларды берүү;
- радио тоскоолдуктар же санкцияланбаган сигналдар аныкталганда арыз ээлеринин кайсы бир тарабы лоббирлөө.
кырдаалдык
төмөнкү
БТЖККнын радиомониторинг башкармалыгынын алдындагы тоскоолдуктарды жана мыйзамсыз иштеп жаткан өткөргүчтөрдү издөө бөлүмү; Чыгыш жана Түштүк башкаруу
начальниги, башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, бөлүмдүн адиси
жок
3
Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялоо
- арыздануучулардын жана байланыш операторлорунун консультациясында тил табышуу же бир жактуу мамиле кылуу мүмкүнчүлүгү;
- кызмат көрсөтүү мөөнөтүн кыскартуу тобокелдик.
кырдаалдык
ортоӊку
БТЖККнын лицензиялоо бөлүмү
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
Бул тобокелдик лицензиялык-уруксат берүү системасы жагында ыйгарым укуктар берилген мамлекет-тик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
4
Радиоэлектрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берүү
- РЭК/ЖЖТ белгиленген талаптарга жооп бербесе дагы, оң эксперттик корутунду берүү;
- эспертизаны өткөрүү мөөнөтүн кыскартуу;
- кошумча документтерди талап кылуу;
- эксперттик корутундуну берүүнү негизсиз кечиктирүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу эксперттердин экспертизанын жыйынтыгына жеке кызыкчылыгы болушу мүмкүн)
кырдаалдык
төмөнкү
БТЖККнын «Бирдиктүү терезе» сектору; сертификаттоо бөлүмү
бөлүм башчы, сектордун башчысы, башкы адис
жок
Жөнгө салуу чөйрөсүндө тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары
5
Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө, аккредиттелгендердин алардын талаптарына шайкештигин сактап жаткандыгын текшерүү
-күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө учурундагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жашырууга алып келген макулдашуу мүмкүнчүлүк;
- талаптын сакталбай жаткандыгы белгилүү болгон учурларда аккредиттөөнүн жарактуулугун токтото туруу жөнүндө же аккредиттөөнү жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынбай калышы мүмкүн болгон тобокелдик.
кырдаалдык
төмөнкү
СӨМдүн киберкоопсуздук жана электрондук колтамга бөлүмү, Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөө боюнча СӨМдүн комиссиясы
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, комиссиянын мүчөлөрү
жок
6
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларын "Түндүк" ВЭӨСкө туташтырууну камсыз кылуу
айрым мамлекеттик органдарга, мекемелерге, ишканаларга, ошондой эле жеке/юридикалык жактарга артыкчылык берүү потенциалдык мүмкүнчүлүгү.
кырдаалдык
төмөнкү
«Түндүк» ММнин электрондук өз ара аракеттенүү бөлүмү, электрондук кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү, авторизация системасы бөлүмү
башчы, IT-аналитик, бизнес-аналитик
жок
Координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндөгү тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары
7
Паспорт, каттоо, даректик-маалымдама иштери маселелери боюнча региондор аралык бөлүмдөрдүн ишин текшерүү жана контролдоо
- текшерүүнүн жүрүшүндө бузууларды жашырууга алып келиши мүмкүн болгонмакулдашунун тобокелдиги
кырдаалдык
төмөнкү
ККДнын маалымат-маалымдама бөлүмү, жарандык бөлүмү, калкты документтешти-рүү бөлүмү, миграция бөлүмү, аймактык бөлүмдөрдүн ишин текшерүү боюнча Комиссия.
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, комиссиянын мүчөлөрү
жок
8
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын ишин текшерүү
Потенциалдык тобокелдик:
- лицензиаттар менен тил табышуу;
- текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу;
- жол берилген бузуулар жөнүндө актыларды жана текшерүү барактарын түзбөй коюу;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдун түзүлбөгөндүгү;
-кызыкчылыктардын кагылышуусу (текшерүүнүн жыйынтыгында жеке кызыкчылыктын болушуна жол берүү)
кырдаалдык
жогорку
БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
башчы, жетектөөчү адис, адис
жок
9
Байланыш жабдууларын жана техникалык каражаттарды өндүрүүдө, эксплуатациялоодо шайкештикти тастыктоо боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу
Потенциалдык мүмкүнчүлүк: -лицензиаттар менен тил табышуу;
- текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу;
- жол берилген бузуулар жөнүндө актыларды жана текшерүү барактарын түзбөө;
- укук бузуулар жөнүндө протоколдун түзүлбөгөндүгү;
-кызыкчылыктардын кагылышуусу (текшерүүнүн жыйынтыгында жеке кызыкчылыктын болушуна жол берүү)
кырдаалдык
жогорку
БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
башчы, жетектөөчү адис, адис
жок
10
Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, радиожыштыкты нурландыруучу же электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган техникалык каражаттарды алып келүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу
-арыз ээлеринин партиясын карап чыгуудагы жана продукцияны тандап алуудагы макулдашуу тобокелиги;
- айрым арыз берүүчүгө карата маселени кезексиз тартипте чечүү мүмкүнчүлүгү;
- МамСТ белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда оң протокол берүү тобокелдиги.
кырдаалдык
ортоӊку
БТЖККнын сертификаттоо бөлүмү, «Бирдиктүү терезе» сектору, сыноо лабораториясы (СЛ)
СЛдин начальниги, бөлүм жана сектордун башчылары, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
11
Радио каражаттары орнотулган жерлерде радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдоо
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- лицензиаттар менен тил табышуу болушу мүмкүн;
- аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу;
- жол берилген бузуулар жөнүндө актыларды жана текшерүү барактарын түзбөө;
-кызыкчылыктардын кагылышуусу (текшерүүнүн жыйынтыгында жеке кызыкчылыктын болушуна жол берүү)
кырдаалдык
жогорку
БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
бөлүм башчы, жетектөөчү адис, адис
жок
12
Байланыш жаатындагы мыйзамдардын сакталышына лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу
Потенциалдык тобокелдик:
- лицензиаттар менен тил табышуу;
- лицензиат тарабынан жол берилген аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу жана мыйзамдарда каралган тиешелүү чараларды көрбөө;
-кызыкчылыктардын кагылышуусу (текшерүүнүн жыйынтыгында жеке кызыкчылыктын болушуна жол берүү)
кырдаалдык
жогорку
БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
бөлүм башчы, жетектөөчү адис, адис
жок
13
Документтердин сакталышын камсыздоо
- мамлекеттик архивдердин архивисттеринин архив сактоо жайларында сактоодо турган документтерди алмаштыруу (бурмалоо), жок кылуу тобокелдигин болушу
реалдуу
жогорку
Архив кызматынын документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмү, Суроо-талаптарды аткаруу бөлүмү, мамлекеттик архивдери жана регионалдык башкармалыктары
сактоо жайларынын башчылары, фонддордун башкы сактоочулары,бөлүм башчысы, бөлүмдүн архивисти, архив башчысы; башкармалыктын начальниги
жок
14
Аныкталган укук бузуулардын фактылары боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү
- аныкталган бузуулар жөнүндө маалыматты жашыруу коркунучу;
- тартиптик жоруктарга жол берген кызматкерлерге карата "катуу"жана "жумшак" тартиптик жаза чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү;
-териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча белгилүү бир чечим чыгаргандыгы үчүн акчалай сыйлык (пара) алуу потенциалдуу мүмкүнчүлүгү;
кырдаалдык
төмөнкү
ККДнын инспекциялык иштер бөлүмү, СӨМдүн, Архив кызматынын, ККДнын, БТЖККнын, “Инфоком” МИнин кызматтык териштирүүлөрдү/текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча комиссиясы
башчы, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, Комиссиянын мүчөлөрү
бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары
15
Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана турган жери боюнча “ДМБ” АМСте каттоо
- жарандарды жашаган жери жана турган жери боюнча жарандарды идентификациялоосуз каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу жол-жоболорун ишке ашыруунун потенциалдуу тобокелдиги
системалуу
ортоңкү
ККДнын РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
ЖӨБО берилген ыйгарым укуктар-дын алкагында
16
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- кызмат аткаруунун мөөнөттөрүн аткарбоо;
- кошумча документтерди мыйзамсыз талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу.
кырдаалдык
ортоңку
ККДнын жарандык бөлүмү, РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
17
Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоого арыздарды кабыл алуу
Потенциалдык тобокелдиги:
- кызматты кароо мөөнөттөрүн сактабоо (создуктуруу);
- арыз ээлеринен мыйзамдарда каралбаган кошумча документтерди талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу;
- жарандарды андан ары документтештирүү үчүн кызматкерлердин арыз ээлери менен алдын ала сүйлөшүүсү
кырдаалдык
ортоңку
ККДнын РАБдары, Жарандыкты аныктоо боюнча комиссия
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, комиссиянын мүчөлөрү
жок
18
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат маселелери боюнча документтерди тариздөө
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- арыз ээлеринен мыйзамдарда каралбаган кошумча документтерди талап кылуу;
- кароо мөөнөттөрүн атайылап создуктуруу;
- ККД кызматкеринин чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам менен жашап турууга уруксат документтерин узартуу боюнча сүйлөшүп алуусу;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашап турууга уруксат документтерин мыйзамсыз узартуу;
- ККДнын кызматкеринин ЖЖАны документтештирүү маселелерин тездетүү жана оң чечүү боюнча башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен сүйлөшүп алуусу
кырдаалдык
ортоңку
ККДнын миграция бөлүмү, РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис.
ЭСКММ (чечим ЭСКММдин комиссиясы аркылуу кабыл алынат)
19
Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чек ара аймагына кыска мөөнөткө кирүүгө уруксаттарды тариздөө
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- арыз ээлеринен мыйзамдарда каралбаган кошумча документтерди талап кылуу;
- акча каражаттарын мыйзамсыз алуу
кырдаалдык
төмөнкү
ККДнын миграция бөлүмү, РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
20
Жарандарды Кыргыз Республикасынын ID-card жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту түрүндө документтештирүү
-паспортту жекелештирүүгө документтерди тариздөөдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу тобокелдиги;
- мыйзамдарда каралбаган документтерди талап кылуу мүмкүнчүлүгү;
- даяр паспортту берүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу тобокелдиги
кырдаалдык
төмөнкү
ККДнын РАБдары, «Инфоком» МИнин КТБлары
РАБ: башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, КТБ: оператор
ЖӨБО берилген ыйгарым укуктардын алкагында
21
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу
Потенциалдык тобокелдиги:
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу;
-мыйзамдарда көрсөтүлбөгөн кошумча документтерди талап кылуу.
кырдаалдык
ортоңку
ККДнын РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
ЖӨБО берилген ыйгарым укуктардын алкагында, ЭСКММдин СИБ
22
ФААны өзгөртүүнү, никенин бузулушун, никелешүүнү мамлекеттик каттоо
ФААны өзгөртүүнү, никенин бузулушун, никелешүүнү арыз ээси жок болгон учурда мамлекеттик каттоо кызматын көрсөтүү үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу тобокелдиги
кырдаалдык
ортоңку
ККДнын РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
23
Кыргыз Республикасынын жаранына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- акча каражаттарын мыйзамсыз алуу;
-мыйзамдарда көрсөтүлбөгөн кошумча документтерди талап кылуу;
- чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ИЖН ыйгарууда мөөнөттөрдү жасалма создуктуруу;
-чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мыйзамдарда көрсөтүлгөн документтерди бербестен ИЖН ыйгаруу мүмкүнчүлүгүтууралуу сүйлөшүп алуулары;
- идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин сактабоо.
кырдаалдык
ортоңку
ККДнын РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
24
Жарандардын көйгөйлүү ИЖНдерин актуалдаштыруу (2 жана андан ашык, эки кишиге 1 ИЖН, туулган күнүн оңдоо жана башкалар)
Потенциалдык тобокелдик:
- идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин сактабоо;
- акчалай сыйлык алуу үчүн РАБдардын ИЖНдерди актуалдаштыруу боюнча билдирмелерин кароо мөөнөтүн тездетүү.
кырдаалдык
төмөнкү
ККДнын маалыматтарды иштеп чыгуу бөлүмү, РАБдары
башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
25
Арыз ээлерин, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды электрондук кезек талонусуз кабыл алуу
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- кызмат көрсөтүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз алуу (кезекти тездетүү);
- туугандарына, досторуна, тааныштарына кезексиз кызмат көрсөтүү үчүн кызмат абалынан пайдалануу.
кырдаалдык
ортоңку
ККДнын РАБдары, «Инфоком» МИнин КТБлары
РАБ: башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, иш-жүргүзүүчү. КТБ: директор, оператор
бул тобокелдик электрондук кезек аркылуу талапкерлерди кабыл алган мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн
26
Улуттук номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү
- айрым лицензиатка карата кезексиз тартипте чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
- кызмат көрсөтүүдөн негизсиз баш тартуу тобокелдиги;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу тобокелиги (жеке кызыкчылыктын болушу)
кырдаалдык
ортоӊку
БТЖККнын мониторинг жүргүзүү жана аналитика башкармалыгынын рынокту талдоо бөлүмү
начальниги, башчы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
27
Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- партияны карап чыгуу жана арыз ээсинин продукциясын тандап алуудагы макулдашуу;
- айрым арыз берүүчүгө карата маселени кезексиз тартипте чечүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу)
кырдаалдык
ортоӊку
БТЖККнын сертификаттоо бөлүмү, «Бирдиктүү терезе» сектору
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
28
Бөлүп берүү үчүн жеткиликтүү радиожыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү
Потенциалдык тобокелдик:
- кезектеги кайрылуулардын олуттуу саны болгон учурда айрым жеке же юридикалык жакка карата кезексиз тартипте меселени чечүү;
-кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу)
кырдаалдык
ортоӊку
БТЖККнын Радиоэлектрондук каражаттарды эсепке алуу башкармалыгы; Радиожыштык спектри башкармалыгы; Радиомониторинг башкармалыгы
начальник, башкы адис, жетектөөчү адис
жок
29
Жеке жана юридикалык жактардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарын аткаруу
Потенциалдык мүмкүнчүлүк: -суроо-талаптарды кезексиз аткарууга көмөктөшүү;
- ачыкка чыгарылбай турчу купуя маалыматты берүү;
- материалдык сый акы үчүн архивисттер тарабынан анык эмес (жасалмачылык) маалымкаттарды берүү
потенциалдуу
төмөнкү
Архив кызматынын суроо-талаптарды аткаруу бөлүмү, мамлекеттик архивдери жана регионалдык башкармалыктары
архивдин начальниги; башкармалык-тын начальниги; сурамдарды аткаруу бөлүмүнүн архивисти
жок
30
Мекемелер тарабынан иштердин номенклатурасын түзүү жана аларды Эксперттик-текшерүү методикалык комиссия менен макулдашуу (ЭТМК) жана Мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды кайра уюштурууда жана жоюуда архивдик документтерди сактоонун шарттары жана орду жөнүндө корутундуларды берүү
Потенциалдык тобокелдик:
- мекеменин өкүлдөрү тарабынан материалдык сый акыга алардын иш номенклатурасын түзүү боюнча комплектөө бөлүмүнүн архивисти мекеменин өкүлдөрү менен макулдашууга жетишүү;
- ЭТМК менен макулдашуу мөөнөттөрүн тездетүү;
-жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтери сакталуучу жери жөнүндө мамлекеттик архивдин корутундусун берүүдө, жоюлуп жаткан юридикалык жактын өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышуу учурунда ырастоочу документтерди негиздерсиз берүү тобокелдиги бар болушу
потенциалдуу
төмөнкү
Архив кызматынын комплекттөө бөлүмү, ЭТМК, мамлекеттик архивдери жана регионалдык башкармалыктары
архивдин башкармалыктын начальниги; комплектөө бөлүмүнүн архивисти, ЭТМКанын мүчөлөрү
жок
Башка функциялар
31
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүнмамлекеттик сатып алууларды жана тендерлерди ишке ашыруу
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- комиссия мүчөлөрүнүн сүйлөшүп алуусу;
- конкреттүү жеткирүүчүнүн өзгөчөлүктөрүнө карата документтерди даярдоонун;
- үчүнчү жактарга жабык маалыматтарды берүү;
-мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө Комиссиянын мүчөсү жашыруусу;
- түшүнүксүз кабылдоону жеңилдете турган бүдөмүк жана бүдөмүк мүнөздөмөлөрдү иштеп чыгуу;
-жеткирүүчүлөргө баалоодо жана салыштырууда негизсиз преференцияларды берүү; -ак ниетсиз жеткирүүчүлөрдүн жана консультанттардын Реестрине киргизбөө;
- түшүнүксүз кабылдоону жеңилдете турган бүдөмүк жана бүдөмүк мүнөздөмөлөрдү иштеп чыгуу
кырдаалдык
жогорку
СӨМдүн Финансы-экономикалык пландоо башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар сектору, ККДнын мамлекеттик сатып алуулар сектору, БТЖККнын финансы жана бухгалтердик эсеп бөлүмү, Архив кызматынын уюштуруу - кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү, “Инфоком” МИнин сатып алуулар жана камсыздоолор бөлүмү, “Тундук” ММ административ-дик камсыздоо бөлүмү. СӨМдүн, ККДнын, БТЖККнын, Архив кызматынын, “Инфоком” МИнин, “Тундук” ММнин мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча комиссиясы
начальниги, башчы, башкы адис, адис, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча Комиссиянын мүчөлөрү
бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
32
Кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурс өткөрүү жана мамлекеттик кызматчы категориясына кирбеген жумушчуларды жумушка алуу, ошондой эле кызматкерлерди дайындоо жана кызмат боюнча көтөрүү
Потенциалдык мүмкүнчүлүк:
- кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды (протекционизм, үй-бүлөчүлдүк) берүү;
- кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечим чыгарууда, кабыл алууда, дайындоодо жанакызмат боюнча көтөрүүдө белгилүү бир адамдын кызыкчылыгын лоббирлөө;
- материалдык сый акы алуу үчүн жумушка алуу тобокелдигинин болушу;
- квалификациялык талаптарда кадрлар резервине киргизүү жана андан ары бош кызмат орундарына тиешелүү багыттагы иш боюнча кесиптик көндүмдөрү жана тажрыйбасы жок адистерди дайындоо.
кырдаалдык
төмөнкү
СӨМдүн кадрлар бөлүмү, ККДнын кадрдык иштер бөлүмү, БТЖККнын кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, Архив кызматынын уюштуруу - кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү. СӨМдүн, ККДнын, БТЖККнын, Архив кызматынын Конкурстук комиссиясы
бөлүм башчысы, жетектөөчү адис, конкурстук Комиссиянын мүчөлөрү
бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
33
Ведомстволук сыйлыктарды алуу үчүн материалдарды түзүү
- бекитилген Жобого ылайык тиешелүү стажы жок кызматкерди ведомстволук сыйлык менен сыйлоого сунуштоо;
- тартиптик жазасынын жана башка кадырын кетирген маалыматтардын болгондугун жашыруу;
- сыйлануучу жөнүндө объективдүү эмес маалымат түзүү;
-сыйлоо жөнүндө материалдарды кароодо комиссия мүчөлөрүнүн тил табышуусуна жол берүү
кырдаалдык
ортонку
СӨМдүн Контролдоо, талдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгынын уюштуруу иштери сектору; СӨМдүн сыйлыктар боюнча Комиссиясы
башкы адис, жетектөөчү адис, Комиссиянын мүчөлөрү
бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
34
Соттордо жана укуктук маселелерди кароодо кызыкчылыктардын өкүлчүлүгү
- сот процессинин кызыкдар катышуучулары менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү;
- мыйзамдарга ылайык СӨМдүн иши боюнча доо иштерин белгиленген мөөнөттө жүргүзбөө;
- тиешелүү соттук териштирүүгө алып келген негизги себептерди жана шарттарды четтетүү жана СӨМ катышкан талаш-тартыштар боюнча соттук практикага, доо иштерине талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизбөө.
кырдаалдык
ортоӊку
СӨМдүн Укуктук камсыздоо башкармалыгынын сот маселелери жана документтерди экспертизалоо боюнча бөлүмү. ККДнын укуктук камсыздоо бөлүмү. БТЖККнын укуктук камсыздоо бөлүмү. Архив кызматынын уюштуруу - кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
Колдонулган кыскартуулар:
СӨМ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппараты; БТЖКК – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы; ККД – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти; РАБ - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине региондор аралык бөлүмү; Архив кызматы – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы; «Инфоком» МИ –Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы; «Тундук» ММ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Тундук» мамлекеттик мекемеси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 29-октябрындагы № 3-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана…Приказ · 29.10.2025 · № 3-д
- 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 4-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын…Приказ · 12.09.2024 · № 4-д · Күчүн жоготкон