Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Фармакологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-сентябры № 546
Фармакологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Фармакологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 “Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 "Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.12.2018 · № 564
- Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-августундагы № 541 токтомуна)Приложение · 12.08.2026 · № 541
- Фармакологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябры № 546 токтомуна)Порядок · 06.09.2024 · № 546
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 "Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.12.2018 · № 564
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 13