Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-декабры № 564 Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 546 токтомунун редакциясына ылайык)
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 546 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Фармакокөзөмөл системасын уюштурууга талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 87 чечими менен бекитилген Фармакокөзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын эрежелерине ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентте:
- 14-главасынын 391-430-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Техникалык регламенттин 9-17-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген)Регламент · 06.04.2011 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябры № 546 "Фармакологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.09.2024 · № 546
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна "Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу ТАРТИБИ"Порядок · 06.12.2018 · № 564 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 06.09.24-ж. №546 токтомуПостановление · 06.09.2024 · № 546
Шилтеме берет (4)
- "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген)Регламент · 06.04.2011 · № 137
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябры № 546 "Фармакологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.09.2024 · № 546
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.04.2011 · № 137
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон