Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 „Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 августа 2024 года № 496 "О признании утратившими силу решений Правительства Кыргызской Республики по вопросам отбора Национального оператора системы отслеживания перевозок товаров с использованием навигационных пломб"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-22.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-апрели № 130
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пунктундагы "Экономика министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жободо:
6-пунктунун "а" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК)" деген сөздөр "бажы жана салык органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 12-пунктундагы "МБКнын жана МСКнын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 20-пунктундагы "2/3" деген цифралар "1/2" деген цифралар менен алмаштырылсын; 28-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, МБКнын жана МСКнын расмий сайттарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий сайтында" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 45-пунктундагы "МБКнын жана МСКнын расмий сайттарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий сайтында" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 47-пунктунда:
- "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) Улуттук оператор болуп дайындалгандан кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзөт, анда алмашылууга тийиш маалыматтардын курамы, ошондой эле Улуттук оператордун, бажы жана салык органдарынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартиби аныкталат жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Улуттук оператордун, бажы жана салык органдарынын маалыматтык системаларынын ортосунда реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну ишке ашырат;";
- "д" пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"д) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган төмөнкүдөй маалыматты жиберет:"; 49-пунктундагы "МБК жана МСК" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 токтому менен бекитилген Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого ылайык улуттук операторду тандоо боюнча ишти улантсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 13-апрелиндеги № 33 (3212) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
У.А. Марипов
Тиркеме
"2-тиркеме
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бажы жана тарифтик саясат башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча); бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу менен…Постановление · 22.08.2024 · № 496
- Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 11.11.2020 · № 547 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун…Постановление · 11.11.2020 · № 547 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2021 · № 4357-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу менен…Постановление · 22.08.2024 · № 496
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун…Постановление · 11.11.2020 · № 547 · Күчүн жоготкон