Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн «Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 августа 2024 года № 496 "О признании утратившими силу решений Правительства Кыргызской Республики по вопросам отбора Национального оператора системы отслеживания перевозок товаров с использованием навигационных пломб"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-22.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-ноябры № 547
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык улуттук операторду тандоону өткөрсүн;
- тандоонун жыйынтыгы боюнча 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди жөнөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги улуттук операторду аныктоо тууралуу чечимди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына улуттук операторду аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аныкталгандан кийин улуттук оператор (макулдашуу боюнча) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн наркын макулдашсын:
- навигациялык пломбалардын;
- навигациялык пломбалардын ижарасын;
- навигациялык пломбаларды коюу/чечүү, анын ичинде навигациялык пломбаларды ачуу (активдештирүү)/жабуу (деактивдештирүү) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- навигациялык пломбаларды техникалык тейлөөнүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2020-жылдын 4-декабрындагы № 99 (3171) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Н. Жапаров
2-тиркеме
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бажы жана тарифтик саясат башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча); бизнес-ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу менен…Постановление · 22.08.2024 · № 496
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-августундагы N 489-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелерин күчүн жоготту деп таануу тууралуу)…Распоряжение · 20.08.2024 · № 489-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомуПостановление · 02.04.2021 · № 130
- Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 11.11.2020 · № 547 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды…Постановление · 02.04.2021 · № 130 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу менен…Постановление · 22.08.2024 · № 496
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.