Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 августа 2024 года № 496 "О признании утратившими силу решений Правительства Кыргызской Республики по вопросам отбора Национального оператора системы отслеживания перевозок товаров с использованием навигационных пломб"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-22.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 токтомуна)
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун (мындан ары - Улуттук оператор) тандоо тартибин Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2020-жылдын 21-февралындагы № 4 буйругу менен бекитилген товарларды транзиттик ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын негизинде Евразия экономикалык бирлигинде (мындан ары - ЕАЭБ) товарлардын бажы транзитинин бирдиктүү системасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруу максатында аныктайт.
2. Ушул Жобо Улуттук операторду тандоонун шарттарын белгилейт.
3. Улуттук операторду тандоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
4. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр;
а) навигациялык пломба - навигациялык спутниктик системалардын технологиясынын негизинде иштеген жана товарларды ташууга тиешеси бар маалыматтарды берүүнү камсыз кылган идентификациянын электрондук каражаты (пломба);
б) товарларды ташууда байкоо жүргүзүү - навигациялык пломбаны активациялоону, ташууда байкоо жүргүзүүнү жана навигациялык пломбаны деактивациялоону камтыган процесс;
в) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соодада товарларды ташуу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бирөөсүнүн аймагынан ЕАЭБге башка мүчө мамлекеттин аймагына өз ара соодадагы товарларды ташуу.
Ушул Жободо каралган башка түшүнүктөр ЕАЭБдин укугун түзгөн, эл аралык келишимдер жана актылар менен аныкталган мааниде колдонулат.
2-глава. Улуттук операторду тандоонун негизги шарттары
5. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы Улуттук оператор болуп аныкталат.
6. Улуттук оператор катары ишти аткарууга талапкер юридикалык жакты тандоонун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) реалдуу убакыт режиминде бажы жана салык органдарынын маалыматтык системалары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик контролдоочу органдарынын, ташуучунун маалыматтык системалары, ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системасын колдонуу менен товарларды ташууда байкоо жүргүзүү процессинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторлорунун маалыматтык системалары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга мүмкүндүк берген маалыматтык системанын болушу;
б) навигациялык пломбаны коюуну/алууну, навигациялык пломбаны ачууну (активациялоону)/жабууну (деактивациялоону), навигациялык пломбаны колдонуу аркылуу товарларды ташуу менен байланышкан окуяларга мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону жана чара көрүүнү ишке ашырууга мүмкүндүк берген тийиштүү техникалык каражаттардын болушу;
в) навигациялык спутниктик системанын технологиясынын негизинде иштеген идентификациялык каражаттарды (пломба) камтыган, маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу системасынын функциялык касиеттерине карата талаптарга шайкеш келген функциялык касиети бар программалык камсыздоонун болуусу;
г) Улуттук оператордун маалыматтык системасында техникалык каражаттар менен аны иштеп чыгууда товарларды ташууга байкоо жүргүзүү боюнча иштин алкагында алынган маалыматтардын коопсуздугун жана аларды коргоону камсыздоо;
д) кайрылган күнү Кыргыз Республикасынын бажы иши, социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу чегерүүлөрү боюнча карыздар, ошондой эле бажы жана салык төлөмдөрүн төлөө боюнча аткарылбай калган милдеттердин жоктугу;
е) ушул Жобонун 7, 8 жана 9-пункттарында аныкталган Улуттук операторду тандоонун технологиялык жана интеграциялык аспекттерин ишке ашырууну камсыздоо;
ж) ушул главанын 48-пунктуна ылайык навигациялык пломбаны колдонуу менен товарларды ташууда мониторинг жүргүзүү боюнча эксперименттерге катышуу;
з) ЕАЭБдин укугун түзгөн эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленген башка шарттарды сактоо жана башка талаптарга шайкеш келүүсү.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Товарларды ташууда мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди баштоо үчүн берилүүчү зарыл технологиялык чечимдердин тизмеги:
а) навигациялык пломбалардын маалыматын алуу, талдоо жана аларга байкоо жүргүзүү процессин ишке ашыруучу жана төмөнкү модулдарды өзүнө камтыган программалык камсыздоонун болушу:
- геомаалыматтык чакан система;
- навигациялык пломбалар менен өз ара аракеттенүүнүн чакан системасы (модуль):
- маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн мобилдик түзүлүштөрү (терминал);
- навигациялык пломбаларды салуу, алуу жана башкаруу АЖО (автоматташтырылган жумуш орду);
- мониторингдин чакан системасы.
б) товарларды ташууда мониторинг, байкоо жүргүзүү милдеттерине жооп берген өлчөмдө электрондук навигациялык пломбалардын болушу;
в) навигациялык пломбаларды салуу/алуу, анын ичинде жөнгө салуу жана тест жүргүзүү процессин ишке ашыруу жана тартибин макулдашуу;
г) ЕАЭБдин бажы аймагына товарлар келген жеринде навигациялык пломбалардын зарыл санда болуусун камсыздоо үчүн аларды жүгүртүү (логистика) менен байланышкан процесстерди ишке ашыруу жана тартибин иштеп чыгуу боюнча иш-чараларга катышуу.
8. Улуттук операторду аныктоонун интеграциялык аспекттеринин негизин төмөнкүлөр түзөт:
а) товарларды ташууда байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды ЕАЭБде колдонуу жөнүндө ЕАЭБ укугун түзгөн актылардын талаптарын ишке ашыруу, анын ичинде:
- ЕАЭБде товарларды ташууда байкоо жүргүзүүнү уюштуруу;
- товарларды ташууда байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу;
б) ЕАЭБдин тийиштүү актысы кабыл алынгандан кийин улуттук операторлордун ортосунда электрондук маалыматтар жана документтер менен алмашууну камсыздоо маселесин жөнгө салган жалпы процессти ишке ашыруу.
9. Интеграциялык аспекттер ЕАЭБдин тийиштүү актылары менен белгиленген киришүү мөөнөтүнө ылайык товарларды ташууда байкоо жүргүзүү системасынын Улуттук оператору тарабынан ишке ашырылат.
3-глава. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия
10. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
11. Комиссия төрагадан, төраганын орун басарларынан, мүчөлөрүнөн жана Комиссиянын катчылыгынан турат. Комиссиянын катчылыгы добуш берүү укугуна ээ эмес.
12. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлери эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жетекчилик кылат, Комиссиянын жыйынына төрагалык кылат жана анын күн тартибин бекитет.
14. Комиссиянын төрагасы болбогон учурда, анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын орун басарынын бирөөсү аткарат.
15. Комиссиянын катчылыгы Комиссиянын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди аткарат, Комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзөт.
16. Комиссиянын төрагасы:
а) Комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана аны уюштурат;
б) Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнүн, жерин жана күн тартибин аныктайт;
в) Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдеринин долбоорлорун добушка коёт;
г) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыялайт.
17. Комиссиянын катчылыгы:
а) Улуттук операторду тандоо жөнүндө жарыяны жарыялайт;
б) Улуттук операторду тандоонун катышуучуларынын өтүнмөлөрүн кабыл алат жана каттайт;
в) жыйындын күн тартиби боюнча зарыл болгон документтерди (материалдарды) даярдайт;
г) Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйындын өтө турган күнүн кабарлайт жана аларга жыйындын материалдарын жиберет;
д) жыйындын протоколун жана Комиссиянын чечимин даярдайт;
е) "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Комиссиянын документтерин жана маалыматтарды эсепке алууну, сактоону камсыз кылат.
18. Комиссиянын төрагасы тандоого катышуу өтүнмөсүн даярдоо процессинде тандоонун катышуучуларынын суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопту Комиссиянын мүчөлөрүнө алдын ала билдирүү менен электрондук почта аркылуу 7 (жети) календардык күндөн кечиктирбестен берет.
19. Комиссиянын иши коомдук башталышта ишке ашырылат.
20. Комиссиянын жыйыны, анын жалпы курамынын 1/2 бөлүгүнөн ашууну катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) тандоо өткөрүүгө тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сурап алууга. Тандоонун катышуучулары тарабынан Комиссияга берген документтер жана маалыматтар купуя болуп саналат;
б) программалоо, сервердик жабдууну техникалык колдоо жана аудит чөйрөлөрүндөгү эксперттерди жана консультанттарды тартууга.
22. Комиссиянын мүчөлөрүнө жана Комиссиянын катчылыгына алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды үчүнчү жактарга, анын ичинде тандоонун башка катышуучуларына берүүгө, же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тандоонун жүрүшүндө алынган сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
23. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн санынан добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
24. Добуштар тең чыккан учурда Комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
25. Комиссиянын көпчүлүк добуш менен кабыл алынган чечимине макул болбогон Комиссиянын мүчөлөрү чечимге өзгөчө ой-пикирин жазуу жүзүндө тиркөөгө укуктуу.
26. Комиссия Улуттук операторду аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынгандан кийин жоюлат.
27. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу Комиссиянын катчылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-глава. Улуттук операторду тандоону өткөрүү тартиби
28. Улуттук операторду тандоо жөнүндө жарыя Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий сайтында тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кабыл алуу башталган күнгө чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Улуттук операторду тандоо жөнүндө жарыя төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
- өтүнмөнү берген жери (аталышы, жайгашкан жери, почта дареги, электрондук почтасы жана Комиссиянын катчылыгынын байланыш телефону);
- өтүнмөнү берүү мөөнөтү;
- ушул Жобого ылайык тандоону өткөрүү тартиби.
30. Улуттук операторду тандоонун катышуучулары өтүнмөлөрдү ачуу датасына чейин 3 (үч) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тандоого катышуу жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Комиссияга кайрылууга укуктуу. Улуттук операторду тандоого катышуу жөнүндө түшүндүрмөгө суроо-талаптар Комиссиянын катчысына жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.
31. Улуттук операторду тандоонун ар бир катышуучусу бир гана өтүнмө бере алат. Улуттук операторду тандоого катышуу өтүнмөсү кагаз түрүндө чапталган конвертте катышуучу тарабынан берилет.
32. Улуттук операторду тандоого катышуу өтүнмөсү тандоо жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кабыл алынат.
33. Катышуучунун берилген өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок.
34. Катышуучу берген өтүнмөнүн көчүрмөсүнө Комиссиянын катчысы бул өтүнмөнүн номерин көрсөтүү менен өтүнмө берилген күнү жана убакыты жөнүндө белги коёт. Комиссияга берилген өтүнмө, анын берилген күнүн жана так убактысын (саатын жана минутасын) көрсөтүү менен катар номери коюлуп, өтүнмөлөр журналына катталууга тийиш.
35. Улуттук операторду тандоого катышуу өтүнмөсү төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган өтүнмөнү;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык, ушул Жобонун 2-главасында белгиленген Улуттук операторду тандоонун шарттарына катышуучунун шайкеш келүүсүн ырастаган документтерди.
36. Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин Комиссиянын катчысына тапшырылган өтүнмө менен конверт, аны тапшырган катышуучуга кайтарылат, мында өтүнмөнү кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө белги өтүнмөгө коюлат.
37. Улуттук операторду тандоого катышуу өтүнмөсү ушул Жобонун 35-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык таризделиши керек.
38. Өтүнмөлөр Улуттук операторду тандоо жөнүндө жарыяда аныкталган мөөнөттө жана жерде ачылат. Өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү жана өтүнмөлөрдү ачуу датасы дал келбейт. Өтүнмөлөрдү ачуу өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн кийинки күнү жүзөгө ашырылышы керек.
39. Улуттук операторду тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кароо өтүнмөлөрдү ачкан күндөн тартып 7 (жети) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
40. Улуттук операторду тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кароо өзүнө төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
- талап кылынган документтердин толуктугун текшерүү;
- белгиленген талаптарга шайкештиги;
- жеңүүчүнү аныктоо.
41. Комиссия Улуттук операторду тандоонун катышуучусун төмөнкү учурларда катышуудан четке кагат:
- катышуучу курамы (мазмуну) жана (же) формасы боюнча талаптарга жооп бербеген тандоого катышуу өтүнмөсүн бергенде;
- документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү берилсе;
- катышуучуга карата банкроттук, жоюу же кайра уюштуруу жол-жоболору өткөрүлүп жатса;
- катышуучуга карата жазык иши боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жатса.
42. Улуттук операторду тандоонун жеңүүчүсү ушул Жобого ылайык Улуттук операторго карата коюлуучу талаптарга өзүнүн шайкештигин ырастаган катышуучулардын арасынан Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү жолу менен аныкталат.
43. Эгерде өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан бир да өтүнмө белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, - Улуттук операторду тандоо болбой калды деп таанылат.
44. Улуттук операторду тандоого катышуу өтүнмөлөрүн кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия чечим кабыл алат. Аталган чечим Улуттук операторду тандоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
45. Комиссия Улуттук операторду тандоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде Улуттук операторду тандоого катышкан катышуучуларды кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий сайтында жарыялоо жолу менен кабарлайт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Улуттук операторду тандоонун жыйынтыгы жөнүндө жарыяда Улуттук операторду тандоонун жеңүүчүсү - уюмдун аталышы же Улуттук операторду тандоо болбой калды деп жарыялоо тууралуу чечим, ошол чечимди негиздөө менен көрсөтүлөт.
5-глава. Улуттук оператордун милдеттери
47. Улуттук оператор:
а) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каражаттарды тартпастан, өзүнүн жеке финансы каражаттарынын эсебинен ишин жүргүзөт;
б) ЕАЭБдин Бирдиктүү транзит системасын түзүүнүн жана ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган, ЕАЭБдин укугун түзгөн бардык актылардын субъектиси болуп саналат;
в) Улуттук оператор болуп дайындалгандан кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзөт, анда алмашылууга тийиш маалыматтардын курамы, ошондой эле Улуттук оператордун, бажы жана салык органдарынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартиби аныкталат жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Улуттук оператордун, бажы жана салык органдарынын маалыматтык системаларынын ортосунда реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну ишке ашырат;
г) Улуттук оператор болуп дайындаган күндөн кийинки 60 күндүн ичинде маалымат системасын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук операторлорунун маалымат системалары менен интеграциялоону жүзөгө ашырат;
д) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган төмөнкүдөй маалыматты жиберет:
- навигациялык пломбалардын баасы жөнүндө;
- навигациялык пломбалардын ижарасынын баасы жөнүндө;
- навигациялык пломбаны коюу/чечүү, ошондой эле ачуу (активациялоо)/жабуу (деактивациялоо) боюнча кызматтардын наркы жөнүндө;
- навигациялык пломбаларды техникалык тейлөөнүн наркы жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Улуттук оператор пилоттук долбоорлордун алкагында өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу жана пилоттук долбоорлордо акысыз негизде башка милдеттерди аткаруу максатында навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташууда мониторинг жүргүзүү боюнча экспериментке катышат.
49. Улуттук оператор өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Улуттук операторду аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин күчүн жоготту деп таануу тууралуу маселени демилгелөөгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
Форма
Катышуучунун фирмалык бланкы
20__-жылдын "___" ___________ № _____
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоого катышуу ӨТҮНМӨСҮ
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторуна коюла турган талаптар менен таанышып, ________________________________________________________________________________ (катышуучунун толук аталышы) ________________________________________________________________________________ маалыматтык системаны киргизүүгө же толуктап иштеп берүүгө, Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого ылайык башка функцияларды, ошондой эле талаптарды ________________________________________________________________________________ (катышуучунун аталышы) Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоонун жеңүүчүсү болуп таанылса иш жүзүнө ашыруу милдетин алат. Ушуну менен 2020-жылдын "__" _________ (өтүнмө берилген айга чейинки айдын 1ине) карата уюм кайра уюштуруу, жоюу, банкроттук процессте эместигин жана чарба иштерин жүргүзүүгө чектөөлөрү жок экенин ырастайбыз. Көрсөтүлгөн бардык маалыматтардын, ошондой эле берилген документтердин аныктыгын ырастайм.
Датасы: 2020-жылдын _____________________________
Аты-жөнү ________________________________________________________________________ Колу: __________________________________________ Кызмат орду: ____________________________________________________________________ (катышуучунун жетекчиси же ишеним кат берилген жак, № жана берилген күнү көрсөтүлөт)
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоонун катышуучуларына коюлган ТАЛАПТАР
№
Талаптар
Ырастоочу документтер
1
Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы
1) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
2) устав же жобо;
3) уюштуруу келишими (болсо);
4) юридикалык жактын (1-жактын) аткаруу органын шайлоо/дайындоо жөнүндө протокол/чечим
2
Навигациялык пломбаны коюу/алуу, анын ичинде навигациялык пломбаны ачуу (активациялоо)/жабуу (деактивациялоо) процесстерин, ошондой эле аларга байкоо жүргүзүү процессин камсыз кылуу боюнча чечимдердин болушу
- Сунушталган чечимди жалпы баяндоо
- Сунушталган чечимге техникалык талаптар
- Техникалык-экономикалык негиздемелер
3
Салык, бажы төлөмдөрү жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздын жоктугу
Салык, бажы төлөмдөр жана социалдык чегерүүлөр боюнча маалым катты көрсөтүү керек
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товарларды ташууга навигациялык пломбаларды колдонуу менен…Постановление · 22.08.2024 · № 496
- Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун…Постановление · 11.11.2020 · № 547 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.