2-берене
Күчүндө · 24.07.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 67-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 61-главасына ылайык чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселени чечүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, өзүнүн токтомунда ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболорун эске албастан, чет мамлекеттин соту дайындаган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келген абактын түрүн аныктайт. Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемесинин түрүнүн жана режиминин чет мамлекеттин соту тарабынан дайындалган түзөтүү мекемесинин режимине ылайык келиши эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды Кыргыз Республикасында жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн шарттарынын бири болуп саналган учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан колдонулат.";
2) 80-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 61-главасына ылайык чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу менен байланышкан маселени чечүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, ушул Кодекстин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн жоболорун эске албастан, чет мамлекеттин сотунун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин чет мамлекеттин соту тарабынан белгиленген камакта кармоо убактысын эсепке алуу тартибин колдонот. Эгерде бул Кыргыз Республикасында жазасын өтөө үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өткөрүп берүүнүн шарттарынын бири болуп саналса, ушул бөлүктүн биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан колдонулат.".
Берененин тексти 24.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011400/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>