Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин бекитүү жөнүндө» токтому.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 26-сессиясы 2024-жылдын 19-апрели №5 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 Жарлыгына негиз, “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүу министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ортосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндөгү” нускаманын негизинде түзүлгөн келишимине макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы И. Эргашевго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
И.Мамажонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"…Постановление · 11.03.2021 · № 90 · Күчүн жоготкон