Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу „Социалдык коргоону санариптештирүү борбору“ мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 2 июня 2026 года № 383 "О некоторых вопросах деятельности подведомственных учреждений Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-02.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 24-июну № 344 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
2. Борбор жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
| " | |||
| 9 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | 1603 | 466 |
| анын ичинде | |||
| борбордук аппараты | 134 | 25 | |
| аймактык бөлүмдөрү | 1145 | 254 | |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 324 | 187 | |
| ". |
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасындагы "1 – 342-тиркемелерге" деген сөздөр "1 – 343-тиркемелерге" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-тиркемеге ылайык редакцияда 343-тиркеме менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Борбордун ишин камсыздоо үчүн 2024-жылга 7 109 000 (жети миллион жүз тогуз миң) сом өлчөмдөгү каражатты бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У . Жапаров |
| 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы
| ". | |
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттери
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны | Эселөө коэффициенттери |
| 1 | Директор | 1 | 13,50 |
| 2 | Бизнес-аналитик | 1 | 9,95 |
| 3 | Башкы программист | 1 | 13,50 |
| 4 | Системалык администратор | 3 | 13,00 |
| 5 | Программист | 6 | 13,00 |
| Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацы жана 3-пункту колдонулбайт. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 26-сентябрындагы № 6-Б "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат…Приказ · 26.09.2024 · № 6-п
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө (Кыргыз…Положение · 24.06.2024 · № 334 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук…Постановление · 02.06.2026 · № 383
- КР Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис…Указ · 17.12.2020 · № 64
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.01.2025 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2026-жылдын 31-январындагы №…Положение · 31.01.2026 · № 50
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон