Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2024-жылдын 5-июлу № 106 Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифттерди талаптагыдай эксплуатациялоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 73, 75, 76, 77-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 124 "Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө карата тариф (эксплуатациялоону уюштуруу, утурумдук оңдоо, авариялык тейлөө, диспетчердик контролдоо камтылган) үчүнчү жана андан өйдө кабаттарда жайгашкан батирлердин жалпы аянтынын 1 чарчы метри үчүн (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсепке албаганда) айына 8,31 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти жана "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифт жабдууларын талаптагыдай техникалык тейлөөнү камсыздашсын;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин реестринде турган, эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн иштеп бүткөн лифттерди, лифт жабдууларын андан ары белгиленген тартипте көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүп берүү менен этап боюнча модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирип оңдоону жүзөгө ашырышсын.
3. Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти жана "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө субсидияларды берүүнүн тартиби жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарынын мэри
А.Дж.Джунушалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 124 "Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү…Постановление · 25.04.2024 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон