Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 25-апрели № 124
Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформанын жыйынтыктарын мыйзам менен бекемдөөгө чейин Бишкек шаарынын мэрине төмөнкүлөрдү бекитүү ыйгарым укуктары өткөрүлүп бериле тургандыгы белгиленсин:
- 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетин жана 2025-2026-жылдарга болжолун;
- керектөө ченемдерин жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга жана товарларга тарифтерди;
- жүргүнчүлөрдү жалпы пайдалануудагы автомобил транспорту менен ташууга тарифтерди;
- муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү аймактардын чек араларын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине А.Дж.Джунушалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 106 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди…Постановление · 05.07.2024 · № 106
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 107 "Бишкек шаарынын калкы үчүн сууну керектөө (ичүүчү суу) ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.07.2024 · № 107
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 290 "Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-мартындагы № 42 "2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана…Постановление · 27.12.2024 · № 290
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон