Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 26-июну № 379-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
А.Касымалиев
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 379-т тескемеси менен жактырылган
2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 72-т тескемеси менен жактырылган. Макулдашуу республиканын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары каралат жана кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт. Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат. Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп санала турганын белгилейбиз жана биздин мамлекеттин Азербайжан Республикасы менен салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү өз ара мамилелеринде жалпы мамилени иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Макулдашуу Кыргыз Республикасында товар жүгүртүүнү жана азербайжан инвестицияларынын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашуу ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы N 72-т (Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык…Распоряжение · 27.02.2024 · № 72-р