Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-февралы № 72-т
1. Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы (мындан ары - "Макулдашуучу Мамлекеттер"), экономикалык мамилелерин андан ары өнүктүрүүнү жана салык маселелериндеги кызматташуусун кеңейтүүнү каалап, салык салуудан бошотуу же салык төлөөдөн баш тартуу жана салык салуудан качуу аркылуу (анын ичинде үчүнчү мамлекеттердин резиденттеринин кыйыр пайдасы үчүн ушул Макулдашууда каралган жеңилдиктерди алууга багытталган макулдашуулардын артыкчылыктарын пайдалануу аркылуу) азайтылган салык салуу үчүн мүмкүнчүлүк түзбөстөн Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу түзүүгө ниеттенип, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене. Макулдашуу колдонулуучу жактар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык уюм тарабынан же ал аркылуу алынган киреше же финансылык жактан толугу менен же жарым-жартылай ачык катары каралган келишим мамлекеттердин биринде салык салуу максатында ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешеси катары каралган даражада гана Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешеси болуп саналат.
3. Ушул Макулдашуу анын 9-беренесинин 2-пунктуна жана 19, 20, 21, 23, 24, 25 жана 28-беренелерине ылайык берилүүчү жеңилдиктерди кошпогондо, Макулдашуучу Мамлекеттер тарабынан өздөрүнүн резиденттерине салык салууга карата колдонулбайт.
2-берене. Ушул Макулдашуу колдонулуучу салыктар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин же анын аймактык-административдик бөлүмдөрүнүн же анын мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу киреше салыктарына карата аларды алуунун методуна карабастан колдонулат.
2. Киреше салыктары болуп кирешелердин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ажыратуудан түшкөн кирешеге салыктар, ишканалар тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын жалпы суммасына салыктар, ошондой эле капиталдын наркынын өсүшүнө салыктар саналат.
3. Ушул Макулдашуу колдонулуучу салыктар болуп төмөнкүлөр саналат, атап айтканда:
(a) Кыргыз Республикасына карата колдонулуучу: (i) жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы; (ii) юридикалык жактардан алынуучу пайдага салык; (мындан ары - "Кыргыз Республикасынын салыгы"); (b) Азербайжан Республикасына карата колдонулуучу: (i) жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы; (ii) юридикалык жактардан алынуучу пайдага салык; (мындан ары - "Азербайжан Республикасынын салыгы").
4. Макулдашуу ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин учурдагы салыктарга кошумча катары же алардын ордуна алына турган бардык окшош же маңызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата дагы колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизиле турган ар кандай олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлайт.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контексттен башкасы келип чыкпаса, ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
(a) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын түшүндүрөт. "Кыргызстан" деген термин географиялык мааниде колдонулган учурда улуттук жана эл аралык укукка ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү укуктарга жана юрисдикцияга ээ болгон жана ал жерде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет; (b) "Азербайжан" деген термин Азербайжан Республикасынын аймагын, ошондой эле улуттук жана эл аралык укукка ылайык Азербайжан Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүн жүзөгө ашырган, эгемендүү жана өзгөчө укуктарга же юрисдикцияга ээ болгон Каспий деңизинин суусун, деңиз түпкүрүн жана кендерин, алардын үстүндөгү аба мейкиндигин билдирет; (c) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Азербайжан Республикасын билдирет; (d) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин камтыйт; (е) "компания" деген термин салык алуу максаттары үчүн өзүнчө уюм катары каралуучу ар кандай юридикалык жакты же ар кандай уюмду билдирет; (f) "бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы билдирет; (g) "эл аралык ташуу" деген термин деңиз же аба транспорту, автомобиль же темир жол транспорту Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда жана деңиз же аба кемесин, автомобиль же темир жол транспортун эксплуатациялоочу ошол Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы болуп саналбаган ишкана тарабынан колдонулган учурдан тышкары, деңиз же аба транспорту, автомобиль же темир жол транспорту менен ар кандай ташууларды билдирет; (h) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү билдирет: (i) Кыргыз Республикасына карата колдонууда: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы; (ii) Азербайжан Республикасына карата колдонууда: Финансы министрлиги жана Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы; (i) Макулдашуучу Мамлекетке карата колдонууда "букара" деген термин төмөнкүнү билдирет: (i) Макулдашуучу Мамлекеттин жарандыгы бар ар кандай жеке жак; (ii) статусу ошол Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарында аныкталган ар кандай юридикалык жак, өнөктөштүк же бирикме.
2. Макулдашуучу Мамлекеттер тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонууда, андагы аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкасы келип чыкпаса же компетенттүү органдар 25-берененин жоболоруна ылайык башка мааниси тууралуу макулдашпаса, ал Макулдашуу колдонулган салык салууга карата ошол Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ошол учурдагы маанисине ээ болот, ал ошол Макулдашуучу Мамлекеттин колдонулуучу салык мыйзамдарына ылайык ар кандай мааниге, ошол Макулдашуучу Мамлекеттин башка мыйзамдарына ылайык бул терминге берилүүчү мааниден басымдуу болгон бул Макулдашуучу Мамлекеттин колдонулуучу мыйзамдарына ылайык ар кандай мааниге ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин бул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын туруктуу жүргөн, жашаган, катталган жеринен, башкаруу ордунан же мүнөзү боюнча ушуга окшогон ар кандай башка критерийлерден улам салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле ушул мамлекетти же анын ар кандай административдик-аймактык же мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органын камтыйт. Бирок, бул термин бул мамлекетте жайгашкан булактардан алынган кирешелерге карата гана ушул мамлекетте салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын статусу төмөнкүдөй түрдө аныкталат:
(a) ал аймагында туруктуу турак жайга ээ болгон мамлекеттин резиденти болуп саналат; эгерде ал эки Макулдашуучу Мамлекетте тең туруктуу турак жайга ээ болсо, ал кыйла тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга ээ болгон мамлекеттин (жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору) гана резиденти болуп саналат; (b) эгер анын жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору болгон мамлекетти аныктоого мүмкүн болбосо же, эгерде анын бул мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал демейде жашаган Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат; (c) эгер ал демейде эки мамлекетте тең жашаса же алардын биринде да жашабаса, анда ал букарасы болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат; (d) эгер ал демейде эки мамлекеттин тең букарасы болсо же алардын биринин да букарасы болбосо, анда Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет.
3. Эгерде ушул берененин 1-пунктуна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда ал анын иш жүзүндөгү башкаруу органы жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттердин гана резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын иши толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашырылган иштин туруктуу ордун билдирет.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт, атап айтканда:
(a) башкаруу ордун; (b) филиалды; (c) кеңсени; (d) фабриканы; (е) устакананы; (f) жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу орнотмону, курулманы же кемени же ар кандай башка жайды; (g) кенди, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстары алынуучу башка ар кандай жерлерди.
3. "Туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү дагы өзүнө камтыйт:
(a) курулуш аянтчасын, курулуш же монтаждоо объектин, бирок эгерде ушундай аянтча же объект 12 (он эки) айдан ашык мезгилде иштеп жаткан учурда гана; (b) ишкана тарабынан мындай максаттар үчүн тартылган өзүнүн кызматкерлери же башка кызматкерлер аркылуу ишкананын кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрү, бирок эгерде мындай мүнөздөгү иш (ошол эле же аны менен байланышкан долбоор боюнча) ар кандай 12 (он эки) айлык мөөнөттүн ичинде жалпысынан 6 (алты) айдан ашык мөөнөттү түзгөн мезгилдин же мезгилдердин ичинде уланса гана.
4. Ушул берененин мурунку жоболоруна карабастан, "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
(a) объекттерди товарларды же ишканага таандык болгон товарларды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана колдонууну; (b) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана кармоону; (c) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармоону; (d) иштин туруктуу ордун ишкана үчүн товарларды же буюмдарды сатып алуу же болбосо маалыматтарды жыйноо максатында гана кармоону; (е) иштин туруктуу ордун ишкана үчүн башка ар кандай ишти жүзөгө ашыруу максатында гана кармоону; (f) мындай иш же (f) пунктчасындагы учурда иштин туруктуу ордунун жалпы иши даярдоочу же көмөкчү мүнөздө боло турган шартта, иштин туруктуу ордун (а)-(е) пунктчаларында саналып өткөн иштердин түрлөрүнүн ар кандай айкалышы үчүн гана кармоону.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, 6-пункттун жоболорун эске алуу менен, эгерде жак Макулдашуучу Мамлекетте ишкананын атынан иш алып барса жана ошол эле учурда адатта контракттарды түзсө же адатта ишкана тарабынан олуттуу өзгөрүүлөрсүз түзүлүүчү контракттарды түзүүдө негизги жетектөөчү ролду ойносо, анда бул контракттар
a) ишкананын атынан түзүлөт; же
b) ушул ишканага таандык же ушул ишкана пайдалануу укугуна ээ болгон мүлктү пайдалануу укугун берүү же менчик укугун өткөрүп берүүгө багытталат; же
c) бул ишкана тарабынан кызматтарды көрсөтүү үчүн арналган жана бул ишкана ошол мамлекетте ишкана үчүн жүзөгө ашырган ар кандай ишке карата туруктуу өкүлчүлүккө ээ, эгерде мындай жактын иши 4-пунктта эскертилген иш менен чектелбесе, эгерде ал туруктуу иш орду аркылуу жүзөгө ашырылса, бул туруктуу иш ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу өкүлчүлүккө айландырбаса.
6. Эгерде бир Макулдашуучу Мамлекетте экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын атынан аракеттенген жак көз карандысыз агент катары биринчи аталган мамлекетте ишкердик ишти жүзөгө ашырса жана адаттагы иштин жүрүшүндө ишкананын атынан аракеттенсе 5-пункт колдонулбайт. Бирок, эгерде жак өзү менен тыгыз байланышта болгон бир же бир нече ишкананын атынан дээрлик же дээрлик эмес иш алып барса, анда ал жак ар кандай мындай ишканага карата ушул пункттун мааниси боюнча көз карандысыз агент болуп эсептелбейт.
7. Компания Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, контролдой турган же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган фактысы же бул экинчи Мамлекетте ишкердикти ишке ашыруусу (туруктуу өкүлчүлүгү аркылуу же башкача түрдө) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу өкүлчүлүгүнө айланта албайт.
8. Кандай болбогон учурда жак же ишкана, эгерде алардын бири экинчисиндеги бенефициардык катышуу үлүшүндө 50 пайыздан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылса (же компаниянын добуштарынын жыйынды саны жана акцияларынын наркы же компанияда бенефициардык катышуу үлүшү 50 пайыздан ашык болсо) же эгерде башка жак же ишкана ушул жактын же ишкананын же башка ишканалардын бенефициардык үлүшүнүн 50 пайыздан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылса (же компаниянын добуштарынын жыйынды саны жана акцияларынын наркы же компанияда бенефициардык катышуу үлүшү 50 пайыздан ашык болсо) анда ишкана менен тыгыз байланышкан деп саналат.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлкүнөн (айыл чарбасынан, жайыт же токой чарбасынан кирешелерди кошкондо) алуучу кирешеге ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин тиешелүү мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ. Бул термин, кандай болбосо да, айыл чарбасында жана токой чарбасында колдонулган кыймылсыз мүлккө көмөкчү мүлктү, үй жаныбарларын жана жабдууларды, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболору колдонулган укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана пайдалуу кендерди, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштетүү укугу үчүн ордун толтуруу катары өзгөрүлмө же туруктуу төлөмдөргө укуктарды камтыйт; деңиз кемелери, аба кемелери, жол же темир жол транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү түздөн-түз пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-пункттарынын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлктөрүнөн алынган кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн алына турган кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердик иштен алынуучу пайда
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзбөсө, ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.
2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзсө, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу мекеменин пайдасы ал өз алдынча жана өзүнчө мекеме болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөндө же анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алууга мүмкүн болгон пайдасы катары эсептелет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, анын ичинде башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан мамлекетте же кандайдыр бир башка жерде жасалганына карабастан эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Эч кандай пайда ишкана үчүн товарларды же буюмдарды ошол туруктуу мекеменин сатып алганы үчүн гана туруктуу мекемеге таандык кылынышы мүмкүн эмес.
5. Мурунку пункттарды аткаруу максаттары үчүн туруктуу мекемеге таандык кылынган пайда жылдан жылга бирдей метод менен аныкталууга тийиш.
6. Эгерде пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралуучу кирешенин беренелерин камтыса, анда бул беренелердин жоболоруна ушул берененин жоболору таасир этпейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы эл аралык ташууларда деңиз кемелерин, аба кемелерин, жол же темир жол транспортун пайдалануудан алган пайдага ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору пулга, биргелешкен ишканага же транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмга катышуудан түшкөн пайдага да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
(a) бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса же (b) ошол эле жактар бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; жана кандай болгон учурда да эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде түзүлгөн же белгиленген шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон шарттардан айырмаланса, анда ишканалардын бирине эсептелиши мүмкүн болгон, бирок бул шарттардан улам ага эсептелбеген кандай болбосун пайда бул ишкананын пайдасына тиешелүү түрдө киргизилиши жана салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде Макулдашуучу Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына жана тиешелүү түрдө экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын ошол экинчи мамлекетте салык салынуучу пайдасын киргизсе жана ушундай жол менен киргизилген пайда биринчи аталган мамлекеттин ишканасына эсептеле турган пайда болуп саналса, эгерде эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишканалардын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизе алат. Мындай түзөтүүлөрдү аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда бири-бири менен консультацияларды өткөрөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болгон компания тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге дивиденддерди төлөп жаткан компания резиденти болуп саналган Макулдашуучу мамлекетте ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде дивиденддердин негизги ээси экинчи Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болсо, ушундай жол менен алынган салык төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
a) эгерде негизги менчик ээси болуп дивиденддерди төлөгөн компаниянын капиталынын кеминде 25 пайызына түздөн-түз ээлик кылган компания болсо (өнөктөштүктү кошпогондо), дивиденддердин жалпы суммасынын 8 пайызынан;
b) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 10 пайызынан.
Бул пункт дивиденддер төлөнүүчү пайдага карата компаниянын салык салуусуна таасир этпеши керек.
3. 2-пункттун жоболоруна карабастан бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге эгерде мындай дивиденддердин негизги менчик ээси болуп ошол экинчи мамлекет же административдик-аймактык, же мамлекеттик, же жергиликтүү бийлик органы, же анын борбордук банкы, же фонду, же ушул экинчи мамлекетке толугу менен таандык болгон кайсы болбосун уюм болсо, ушул экинчи мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
4. "Дивиденддер" термини ушул беренеде колдонулган учурда акциялардан, дивиденд алуу укугуна ээ акциялардан же дивиденд алуу укугуна ээ укуктардан, тоо-кен компанияларынын акцияларынан, уюштуруу акцияларынан же пайдага катышууга укук берүүчү карыздык талаптар болуп саналбаган башка укуктардан түшкөн кирешелерди, ошондой эле бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп саналган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан түшкөн кирешелер тиешелүү болгон салык режими колдонулуучу башка корпоративдик укуктардан түшкөн кирешелерди билдирет.
5. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу дивиденддерди төлөп жаткан компания резиденти болуп саналган экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө же ошол экинчи мамлекетте анда жайгашкан белгиленген база менен көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана ага карага дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө ушундай туруктуу мекеме же белгиленген база менен байланышкан болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
6. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алса, анда бул экинчи мамлекет компания төлөгөн дивиденддерден эч кандай салык ала албайт, буга эгерде мындай дивиденддер ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүп жаткан же эгерде ага карата дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө туруктуу мекеме же ушул экинчи мамлекетте жайгашкан белгилүү база менен байланышкан, ошондой эле төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда толук же жарым-жартылай ушул экинчи мамлекетте пайда болгон пайдадан же кирешеден турса дагы компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына салык салынбаган учурлар кирбейт.
7. Ушул Макулдашуунун бардык башка жоболоруна карабастан, эгерде бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниянын экинчи Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси болсо, ушул Макулдашуу боюнча салык салынуучу пайдага пайда башкы кеңсеге которулганда анын салык мыйзамдарына ылайык ушул экинчи мамлекеттеги булактан салык салынышы мүмкүн, бирок ушундай жол менен булактан алынуучу салык андан ушул экинчи мамлекетте алынуучу корпоративдик салыкты алып салгандан кийин ушул пайданын суммасынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.
11-берене. Пайыздар
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга ушул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздар алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, ушундай жол менен алынуучу салык пайыздардын жалпы суммасынын 8 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга, эгерде мындай пайыздардын иш жүзүндөгү ээси болуп ушул башка мамлекет, административдик-аймактык же мамлекеттик же болбосо жергиликтүү бийлик же анын борбордук банкы, же фонд же ушул башка мамлекетке толугу менен таандык болгон кандай болбосун уюм эсептелсе, ушул экинчи мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
4. "Пайыздар" термини ушул беренеде колдонулган учурда карызкордун пайдасына катышууга укук берген же бербеген, ипотека менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан түшкөн кирешени, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан түшкөн кирешени жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешени, анын ичинде ошол баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акыларды жана утуштарды билдирет. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып пулдар ушул берененин максаттары үчүн пайыз катары каралбайт.
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп ишкердик ишти пайыздар келип чыккан экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүргүзсө же ушул экинчи мамлекетте анда жайгашкан белгиленген базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана анын негизинде пайыздар төлөнүүчү карыздык талап иш жүзүндө ушундай туруктуу мекеме же белгиленген база менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1, 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда жагдайларга жараша ушул Макулдашуунун 7-беренесинин же 14-беренесинин жоболору колдонулат.
6. Төлөөчү ушул мамлекеттин резиденти болгон учурда пайыздар Макулдашуучу Мамлекетте пайда болду деп эсептелет. Бирок, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болгондугуна же болбогондугуна карабастан пайыздарды төлөгөн жактын Макулдашуучу Мамлекетте аларга байланыштуу ал боюнча пайыздар төлөнүп жаткан карыз келип чыккан туруктуу мекемеси же белгиленген базасы болот жана мындай пайыздарды ушундай туруктуу мекеме же белгиленген база тартса, анда бул пайыздар туруктуу мекеме же белгиленген база жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте пайда болду деп эсептелүүгө тийиш.
7. Эгерде төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерден улам анын негизинде төлөнүүчү карыздык талапка тиешелүү пайыздын суммасы мындай мамилелер болбогон учурда төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашып кетсе, анда ушул берененин жоболору акыркы аталган суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун талаптагыдай эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык мурдагыдай эле салык салынууга тийиш.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок роялтиге ал келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда ушундай жол менен алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 8 пайызынан ашпайт.
3. "Роялти" термини ушул беренеде колдонулган учурда адабияттын, искусствонун же илимий эмгектердин ар кандай чыгармаларына, анын ичинде кинематографиялык фильмдерге, радио же телеберүүлөр, спутник, кабель, оптикалык була же берүү, компьютердик программалык камсыздоо, кандай болбосун патент, товардык белги, дизайн же модель, план, жашыруун формула же процесс, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды, ноу-хау же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйба үчүн пайдаланылуучу аналогиялык технология боюнча берүүлөр үчүн пайдаланылуучу фильмдерге же жазууларга автордук укуктарды пайдалануу жана пайдаланууга укук берүү үчүн сыйлык катары алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти пайда болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө же ушул экинчи мамлекетте анда жайгашкан белгиленген базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө же ага карата роялти төлөнүүчү укук же мүлк иш жүзүндө ушундай туруктуу мекеме же белгиленген база менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда жагдайларга жараша ушул Макулдашуунун 7-беренесинин же 14-беренесинин жоболору колдонулат.
5. Эгерде төлөөчү ушул мамлекеттин резиденти болуп саналса, роялти Макулдашуучу Мамлекетте пайда болду деп эсептелет. Эгерде роялтини төлөп жаткан жак Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болгондугуна же болбогондугуна карабастан Макулдашуучу Мамлекетте ага байланыштуу роялтини төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон туруктуу мекемеге же белгиленген базага ээ болсо жана мындай роялтилерди төлөө боюнча чыгымдарды ошол туруктуу мекеме же белгиленген база көтөрсө, анда бул роялти туруктуу мекеме же белгиленген база жайгашкан мамлекетте пайда болду деп эсептелет.
6. Эгерде төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерден улам анын негизинде төлөнүүчү карыздык талапка тиешелүү роялтинин суммасы мындай мамилелер болбогон учурда төлөөчү менен иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашып кетсе, анда ушул берененин жоболору акыркы аталган суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун талаптагыдай эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык мурдагыдай эле салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдан түшкөн кирешелер
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан 6-беренеде аталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге ушул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин мекемеси экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү же экинчи Макулдашуучу Мамлекетте Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү максатында жеткиликтүү болгон белгиленген базага тиешелүү кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге, анын ичинде мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүтүн ишкана менен бирге) же мындай белгиленген базаны ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге бул экинчи мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемелерин, автомобиль же темир жол транспорт каражаттарын же ушундай деңиз же аба кемелерин, автомобиль же темир жол транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан Макулдашуучу мамлекеттин ишканасы алган кирешелерге ушул Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
4. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан акцияларды же башка корпоративдик укуктарды ээликтен ажыратуудан алынган, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан, 6-беренеде белгиленген кыймылсыз мүлктөн түз же кыйыр түрдө алардын наркынын 50 пайызынан ашык алынган кирешелерге ушул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. Ушул берененин жогоруда аталган 1, 2, 3 жана 4-пункттарында аталгандан башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Мындай кирешеге экинчи Макулдашуучу Мамлекетте дагы салык салынышы мүмкүн болгон төмөнкүдөй жагдайларды кошпогондо, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан кесиптик кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштен алынган кирешелерге ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш:
a) эгерде ал өз ишин жүзөгө ашыруу максатында экинчи Макулдашуучу Мамлекетте өзүнө дайыма жеткиликтүү болгон белгиленген базага ээ болсо; мындай учурда кирешенин ушундай белгиленген базага тиешелүү бөлүгүнө гана ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн; же
b) эгерде анын экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүрүүсү тиешелүү календардык жылда башталган же аяктаган кандай болбосун он эки айлык мезгилде жалпысынан 183 күндү түзгөн же андан ашкан мезгилдин же мезгилдердин ичинде созулса; бул учурда ушул экинчи мамлекетте жүзөгө ашырылуучу анын ишинен алынган кирешенин ошол бөлүгүнө гана ушул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кесиптик кызмат көрсөтүүлөр" термини өзүнө, атап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же окутуу ишин, ошондой эле дарыгерлердин, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтыйт.
15-берене. Жалданма жумушчунун кызмат көрсөтүүлөрү
1. 16, 18 жана 19-беренелердин жоболорун эске алуу менен жалдоо боюнча ишке байланыштуу Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга, эгерде жалдоо боюнча иш экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, ушул мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалдоо боюнча иш экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылса, анда андан алынган сый акыга ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылуучу жалдоо боюнча ишке байланыштуу алган сый акыга биринчи аталган мамлекетте гана салык салынууга тийиш, эгерде:
a) алуучу экинчи мамлекетте тиешелүү салык жылында башталган же аяктаган кандай болбосун он эки айлык мезгилде жалпысынан 183 күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде эмгек ишмердигин жүзөгө ашырса; жана
b) сый акы экинчи мамлекеттин резиденти болуп саналбаган жалдоочу тарабынан же анын атынан төлөнсө; жана
c) жалдоочунун башка Мамлекетте болгон туруктуу мекемеси же белгиленген базасы тарабынан сый акы төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан деңиз же аба кемесинин, автомобиль же темир жол транспортунун туруктуу курамынын мүчөсү катары эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемесинин же автомобиль же темир жол транспортунун бортунда аткарылган иши үчүн, деңиз же аба кемесинин бортунан же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин аймагында гана пайдаланылуучу автомобиль же темир жол транспортунан башка иш үчүн алынуучу сый акыга биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Директорлордун сый акысы Экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниянын директорлор кеңешинин же ага окшогон кайсы болбосун органдын мүчөсү катары Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган директорлордун гонорарларына жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 17-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти сыяктуу искусство кызматкери катары же музыкант же спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылуучу жеке ишинен алынган кирешеге ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан ошол сапатта жүзөгө ашырылуучу жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эмес, башка адамга эсептелсе, анда бул кирешеге 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, искусство кызматкери же спортчу өз ишин жүзөгө ашырган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, ушул беренеде көрсөтүлгөн кирешелер, эгерде мындай иш ушул мамлекетте Макулдашуучу мамлекеттер тарабынан жактырылган маданий же спорттук алмашуу программасынын алкагында жүзөгө ашырылса, искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салыктан бошотулат.
18-берене. Пенсиялар 19-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине мурдагы орношкон ишине төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ушул мамлекетте гана салык салынат. 19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. (a) Макулдашуучу Мамлекет же анын административдик-аймактык же ыйгарым укуктуу же жергиликтүү бийлик органы тарабынан ушул мамлекетке, анын бөлүмүнө же органына көрсөтүлүүчү кызматтарга карата жеке адамга төлөнүүчү эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ушул мамлекетте гана салык салынат.
(b) Бирок эгерде кызмат көрсөтүүлөр бул башка мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол мамлекеттин резиденти болуп саналса, мындай эмгек акыларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга башка Макулдашуучу Мамлекетте гана төмөнкү учурларда салык салынат: (i) ушул мамлекеттин жараны болуп саналса; же (ii) кызмат көрсөтүү максатында гана бул Мамлекеттин резиденти болбой калса.
2. (a) Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекет же анын административдик-аймактык органы же анын ыйгарым укуктуу же жергиликтүү бийлик органы тарабынан же алар тарабынан түзүлгөн фонддон ошол мамлекетке, бөлүмүнө же бийлик органына көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жеке жакка төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол мамлекетте гана салык салынат.
(b) Бирок эгерде жеке жак экинчи мамлекеттин резиденти жана букарасы болуп саналса, мындай пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
3. 15, 16, 17 жана 18-беренелердин жоболору Макулдашуучу Мамлекет же административдик-аймактык же мамлекеттик органы же анын жергиликтүү бийлик органы жүргүзгөн ишкердик ишке байланыштуу көрсөтүлүүчү кызматтарга карата эмгек акыга, пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга карата колдонулат.
20-берене. Студенттер Бир Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган же түздөн-түз болгон жана биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте өзүнүн билим алуусу же стажировкасы үчүн гана жүргөн студент же стажер өзүн багуу, билим алуу же стажировкадан өтүү максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу Мамлекеттин чегинен тышкары булактардан келип чыккан шартта ушул Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт. 21-берене. Профессорлор, окутуучулар жана изилдөөчүлөр
1. Бул Макулдашуучу Мамлекеттеги университетте, колледжде, мектепте же башка таанылган билим берүү мекемесинде окутуу же илимий изилдөөлөргө катышуу максатында эки жылдан ашпаган мөөнөткө Макулдашуучу Мамлекеттердин бирине барган жана ушул максатта биринчи аталган мамлекетке биринчи келген датадан тартып эки жылдан ашпаган мезгилге ушул сапарына чейин түздөн-түз башка Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болгон адам мындай окутуучулук иши же илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн сый акыдан ушул Макулдашуучу Мамлекетте салык төлөөдөн бошотулат.
2. Эгерде мындай изилдөөлөр коомдук кызыкчылыктар үчүн эмес, негизинен конкреттүү адамдын же адамдардын жеке пайдасы үчүн жүргүзүлсө, изилдөө жүргүзгөндүгү үчүн кандай болбосун сый акыга карата ушул берененин 1-пунктуна ылайык эч кандай өзгөчөлүктөр берилбейт.
22-берене. Башка кирешелер
1. Алардын келип чыгуу булагына карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде каралбаган кирешелер беренесине ушул мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. 6-берененин 2-пунктуна ылайык кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешелерди кошпогондо, эгерде мындай кирешени алуучу бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик ишти анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырса же ошол экинчи мамлекетте анда жайгашкан белгиленген базасы менен көз карандысыз жеке кызмат көрсөтсө жана ага байланыштуу киреше төлөнүп берилүүчү укук же мүлк иш жүзүндө ушундай туруктуу мекеме же белгиленген база менен байланышкан болсо, ушул берененин 1-пунктунун жоболору кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
23-берене. Кош салык салууну четтетүү методдору Эгерде бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса (бул киреше ушул мамлекеттин резиденти алган киреше болуп саналгандыгы үчүн гана бул жоболор ушул мамлекетте салык салууга жол берген учурларды кошпогондо), анда биринчи аталган мамлекет ушул экинчи мамлекетте төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы ушул резиденттин киреше салыгынан эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Бирок мындай эсептен чыгаруу бул экинчи мамлекетте салык салынган кирешеге тиешелүү болгон, эсептен чыгаруу берилгенге чейин эсептелген киреше салыгынын ошол бөлүгүнөн ашпоого тийиш. 24-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары ошондой эле жагдайларда, тактап айтканда жашаган жерине байланыштуу дуушар болгон же болушу мүмкүн болгон салык салуудан же ал менен байланышкан талаптардан башкача же кыйла оор болуп саналган кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан кандай болбосун талаптарга дуушар болбоого тийиш. Бул жобо 1-берененин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп саналбаган жактарга да колдонулат.
2. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденттери болуп саналган жарандыгы жок адамдар Макулдашуучу Мамлекеттин биринде дагы тиешелүү Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары ушундай эле жагдайларда дуушар болушу мүмкүн болгон салык салуудан жана аны менен байланышкан талаптарга караганда башкача же кыйла оор болуп саналган эч кандай салык салууга же ага байланышкан ар кандай талаптарга дуушар болбойт.
3. Макулдашуучу Мамлекеттин мекемеси болуп саналган туруктуу мекемеге салык салуу экинчи мамлекеттин ушундай эле ишти жүргүзгөн ишканаларына экинчи мамлекетте салынган салыктарга караганда жагымсыз болбоого тийиш. Бул жобо бир Макулдашуучу Мамлекетти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденттерине алардын жарандык статусунун же үй-бүлөлүк милдеттеринин эсебинен салык салуу максатында өздөрүнүн жеке резиденттерине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, жеңилдиктерди жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүү катары чечмеленбөөгө тийиш.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 7-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулган учурларды кошпогондо, бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөөчү пайыздар, роялти жана башка төлөмдөр ошол ишкананын салык салынууга тийиш болгон пайдасын аныктоо максатында биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
5. Капиталы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резидентинин толук же жарым-жартылай менчигинде болгон же түз же кыйыр түрдө контролунда болгон бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканалары биринчи аталган мамлекетте биринчи аталган мамлекеттин ушул сыяктуу башка ишканалары дуушар болгон же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салууга жана аны менен байланышкан талаптарга караганда башкача же кыйла оор болгон кандайдыр бир салык салынууга жана ал менен байланышкан талаптарга дуушар болбоого тийиш.
25-берене. Өз ара макулдашуунун жол-жобосу
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашуучу Мамлекеттин аракеттери ал үчүн ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайыксыз салык салууга алып келүүдө же алып келет деп эсептесе, бул мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган укуктук коргоо каражаттарына карабастан кандай болбосун Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органына өзүнүн ишин бере алат. Иш Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлаган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгерде компетенттүү орган доону негиздүү деп тапса жана ал өзү канааттандырарлык чечимге келе албаса, ушул Макулдашууга ылайык келбеген салык салууну болтурбоо максатында ишти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө карабастан жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу кандай болбосун кыйынчылыктарды же күмөн саноолорду өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Алар ошондой эле Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну болтурбоо боюнча консультацияларды өткөрүшү мүмкүн.
4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пункттардын мааниси боюнча макулдашууга жетишүү максатында бири-бири менен түздөн-түз, анын ичинде алардын өздөрүнөн же алардын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссия аркылуу байланыша алат.
26-берене. Маалымат алмашуу
1. Эгерде мындай салык салуу ушул Макулдашууга каршы келбесе, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга же Макулдашуучу Мамлекеттердин же алардын административдик-аймактык бөлүмдөрү же мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу кандай болбосун түрдөгү жана сыпаттамадагы салыктарга тиешелүү Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарын колдонууга же аткарууга тиешеси бар деп күтүлгөн маалыматтар менен алмашат. Маалымат алмашуу 1 жана 2-беренелер менен чектелбейт.
2. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул берененин 1-пунктуна ылайык алынган бардык маалымат ушул Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле купуя маалымат катары каралууга тийиш жана ал ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды эсептөө же жыйноо, мажбурлап өндүрүү же куугунтуктоо, ошондой эле апелляцияларды кароо менен алектенген жактарга же органдарга (анын ичинде сотторго жана административдик органдарга) гана ачыкка чыгарылат. Мындай жактар же органдар маалыматты ушул максаттарга гана колдонууга тийиш. Алар маалыматты ачык соттук жыйналыштын жүрүшүндө же соттук чечимдерди кабыл алууда ачыкка чыгара алат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору эч качан Макулдашуучу Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленбөөгө тийиш:
a. ушул же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына карама-каршы келген административдик чараларды көрүүгө;
b. ушул же башка Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же кадимки административдик практикасынын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
c. кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр жай, коммерциялык же кесиптик сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгаруучу маалыматты берүүгө же ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка каршы келе турган маалыматты берүүгө (ordre public).
4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, бул экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн маалыматты чогултуу ыкмаларын пайдаланат. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенме ушул берененин 3-пунктундагы чектөөлөргө алынууга тийиш, бирок мындай чектөөлөр эч качан Макулдашуучу Мамлекетке мындай маалыматка ички кызыкчылыгы болбогондугу үчүн гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берүүчү катары чечмеленбөөгө тийиш.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору эч качан Макулдашуучу Мамлекетке маалымат банкта, башка финансылык мекемеде дайындалган адамда же агенттикте же ишенимдүү жак катары аракеттенген адамда сакталгандыктан же ал кандайдыр бир жактын мүлктүк кызыкчылыктарына тиешелүү болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп чечмеленбөөгө тийиш.
27-берене. Жеңилдиктерге карата чектөөлөр Ушул Макулдашуунун кандай болбосун башка жоболоруна карабастан, эгерде бардык тиешелүү фактыларды жана жагдайларды эске алуу менен бул пайданы алуу ушундай пайдага түздөн-түз же кыйыр түрдө алып келген кандай болбосун макулдашуунун же бүтүмдүн негизги максаттарынын бири болгон деген тыянакка келүү туура болсо, мындай жагдайларда бул пайданы берүү Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун объектине жана максатына ылайык келери белгиленген учурлардан тышкары ушул Макулдашуу боюнча пайдалар киреше беренелерине карата берилбөөгө тийиш. 28-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын мүчөлөрү Ушул Макулдашуунун эч кандай жоболору дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдери менен же эл аралык атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарды козгобойт. 29-берене. Макулдашууга түзөтүүлөр Ушул Макулдашууга Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кандай болбосун толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай толуктоолор жана өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор түрүндө таризделет жана 30-берененин жоболоруна ылайык күчүнө кирет. 30-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт.
2. Ушул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кабарлоолордун акыркысы алынган датадан кийинки 30-күнү күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата күчүнө кирет:
a) Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январында же биринчи январдан кийин төлөнгөн же кошуп эсептелген суммаларга карата булактан кармалган салыктарга карата;
b) башка салыктарга - Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан эрте эмес башталган салыктык жылдар үчүн салыктарга карата.
31-берене. Колдонулушун токтотуу Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө калат. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийинки кандай болбосун календардык жыл аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү менен Макулдашууну буза алат. Бул учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата күчүн жоготот:
a) кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январында же андан кийин төлөнгөн же кошуп эсептелген суммаларга карата булактан кармалуучу салыктарга карата;
b) башка салыктарга - кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин башталган салыктык жылдар үчүн салыктарга карата.
Кол коюуга талаптагыдай ыйгарым укук берилген төмөндө кол коюучулар муну ырастоо үчүн ушул Макулдашууга кол койду.
______________ 20___-жылдын "___" ____________ эки нускада, кыргыз, азербайжан, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын атынан
Азербайжан Республикасынын атынан
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.