Көк-Жар айылдык кеңешинин “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын арызын кароо» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 24-февралы № 4
“М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын арызын кароо
Көк-Жар айылдык кеңештин 24.02.2024-жылдагы сессиясынын күн тартибинде каралган 1-чи маселе боюнча “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсынын тиешелүү документтерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши төмөнкүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “М-Line” (Эм-Лайн) ЖЧКсына караштуу “Западный Бек-Тоо” участогунан кум-шагылдуу аралашма казууга берилген 14,47 га жана 12,65 га жер тилкесинин 7,12 га жери жайыт комитеттин карамагына калтырып, калган 5,53 га жер тилкесин 14,47 га жер тилкесине кошуп, баардыгы 20,00га жер тилкесине экологияны сактоо багытында “туристтик жайга” айлантуу максатында сунушун канаттандырды.
Төмөнкү координаттар боюнча: Х У
1. 13 475 896, 0 4 738 278, 0
2. 13 476 230, 0 4 738 171, 0
3. 13 476 173, 0 4 737838,0
4. 13 476 007, 0 4 737 652, 0
5. 13 475 721, 0 4 737 829, 0
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде аймактык реформа башталып, Көк-Жар айыл аймагын Бишкек шаарына өткөрүп берүүнүн алкагында Көк-Жар айылынын жайыт комитети тарабынан жайыт жерлердин акысы айылдык кеңеш тарабынан каралып бекитилбегендигине байланыштуу № 20,00 га жер тилкесинин ижара келишими Көк-Жар айылынын жайыт комитетинин укук мураскери менен түзүүгө сунушталсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрайымы
А.Сатаркулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон