Александровка айылдык кеңешинин «Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-11-09.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 26-сессиясынын токтому
2023-жылдын 27-октябры № 104 Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.
2. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушунун негизинде “Миң-Булак айыл аймагы” деген жаңы аталыш берилсин.
3. Александровка, Крупское жана Беш-Көрүк айылдарынын аталыштары ошол бойдон калсын.
4. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириккенден кийин административдик борбору катары Садовое айылы эсептелсин.
5. Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы “Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө” №81-токтому, 2023-жылдын 29-августундагы “Александровка айылдык кеңешинин “Административдик-аймактык реформа өткөрүү жөнүндө” 2023-жылдын 10-августундагы №81-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №91-токтому күчүн жоготту деп эсептелсин (жаңы редакцияга байланыштуу).
6. Ушул Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналивке жүктөлсүн.
Төрайым
Давузова М.Ю.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча…Указ · 18.10.2022 · № 350
- Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябры № 106 "Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-октябрында кабыл алынган №104 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 09.11.2023 · № 106