Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 20-марты ПЖ № 79
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374 , 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын улуттук камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн камсыздандыруу рыногуна карата ишенимин жогорулатуу, камсыздандырылуучулардын (пайда табуучулардын) өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө келтирилген залал менен байланышкан зыяндын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору:
1) "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунда (мындан ары - "МКУ" ААК) баланстагы мүлктү жана жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууну камсыз кылсын;
2) өзүнүн бюджеттерин жыл сайын түзүүдө баланстагы мүлктү жана жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууга чыгымдарды каржылоону карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "МКУ" ААКты кайра камсыздандыруу, анын ичинде Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында экспорттук тобокелдиктер боюнча улуттук оператор катары аныктасын;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында "МКУ" ААКты жана анын филиалдарын мамлекеттик имараттарга жайгаштыруу маселесин чечсин;
3) 2024-жылы "МКУ" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүүгө 150000000 (бир жүз элүү миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана бөлүп берсин;
4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан графикке ылайык уставдык капиталды көбөйтүү үчүн 2027-жылга чейин белгиленген тартипте "МКУ" ААКка 5000000000 (беш миллиард) сом өлчөмүндө акча каражатын тапсын жана этап-этабы менен бөлүп берсин;
5) 2027-жылга чейин "МКУ" ААКтын ишинен алынган ар жылдык 100 пайыз өлчөмүндөгү таза пайданы бюджеттик кирешелерди жана/же чыгымдарды бөлүштүрүүнүн эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүгө багыттасын;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролго алсын жана жарым жылдыкта бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдап турсун;
7) эки айлык мөөнөттө төмөнкүдөй учурларда "МКУ" ААК менен камсыздандыруу келишимин милдеттүү түзүүнү караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин:
- күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандырууда;
- турак жайлар менен бүтүмдөрдү жасоодо;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга менчик укуктарын каттоодо жана кайра каттоодо;
8) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
81) «МКУ» ААКтын акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374, 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. "МКУ" ААКка ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, чарбалык коомдордун мүлкүн жана жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууну жүргүзүү сунушталсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 7 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү…Постановление · 20.06.2024 · № 325
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу…Указ · 31.03.2026 · № 132
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик…Постановление · 21.05.2026 · № 360
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 374 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын…Указ · 18.12.2024 · № 374
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-июлу № 72 ("Автолизингди жеңилдетилген каржылоо 2” долбоорун ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз…Распоряжение · 21.07.2026 · № 544-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 465 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды…Постановление · 09.08.2024 · № 465 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын…Постановление · 09.08.2024 · № 464 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу…Указ · 31.03.2026 · № 132
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме документтин барагында, «Байланыштар» панелинде.