Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 31-марты № 132
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пунктта:
8-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын: «81) «МКУ» ААКтын акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин.».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 25 (3785) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.