Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-майы № 360
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1, 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11. «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун (мындан ары – «МКУ» ААК) акционери катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берилсин.»;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү…Постановление · 20.06.2024 · № 325
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.03.2024 · № 79