Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуу (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2004-жылдын 17-майындагы № 151 Мыйзамы менен ратификацияланган
Алматы шаары
1997-жылдын 8-апрели
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы инвестицияларды колдоо
жана өз ара коргоо жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары Келишим түзүп жаткан Тараптар деп аталуучу Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо Келишим түзүп жаткан
эки Тараптын ортосунда өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана или-
мий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү болуп, ошондой эле эки
мамлекеттин байлыгын арттыра тургандыгын түшүнүп,
бир Келишим түзүп жаткан Тараптын инвесторлорунун экинчи Келишим
түзүп жаткан Тараптын аймагына инвестициялары үчүн жагымдуу шрттарды
түзүүгө умтулуп,
тењдештик, өз ара урматтоо, суверенитет жана өз ара пайда принцип-
терине негизденип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Аныктамалар
Бул Макулдашуунун максаты үчүн:
1. "Инвестиция" деген термин ар кандай активди жана бир Келишим
түзүп жаткан Тараптын инвесторлорунун экинчи Келишим түзүп жаткан Та-
раптын аймагындагы ар кандай активин билдирет, атап айтканда,
төмөнкүлөр:
а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, аны менен байланышпаган ар кан-
дай мүлктүк укуктар, анын ичинде күрөө укугу, ипотеканы же башка
күрөөнү, банктардагы жана башка финансы мекемелериндеги акча каражат-
тарды кармап калуу укугу;
б) акциялар, салымдар (пайлар), облигациялар жана ар бир Келишим
түзүп жаткан Тараптын мыйзамдарына ылайык катталган ишканаларга, чарба-
лык шериктештиктерге жана коомдорго, бирикмелерге жана мыйзам тарабынан
таанылган юридикалык жактарга катышуунун ар кандай формасы;
в) заемдор, кредиттер, максаттуу банктык жана финансы салымдары
жана инвестицияны жүзөгө ашыруу менен байланышкан башка акча таламдары;
г) интеллектуалдык жана өнөр жай менчигинин объекттерине укуктар,
анын ичинде автордук укук менен кайтарылуучу объекттер, патенттер, то-
вардык белгилер, тейлөө белгиси, фирмалык аталыш, өнөр жай үлгүлөрү жа-
на "ноу-хау";
д) кирешелерди кайрадан инвестициялоо жана кредит макулдашуулары
боюнча негизги карыз менен проценттерди төлөө;
е) чарбалык ишке укук, анын ичинде концессияга укук, ал мыйзам же
келишим боюнча алынган жаратылыш ресурстарын чалгындоо, иштетүү, казып
алуу же пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. "Инвестор" деген термин төмөнкүлөрдү билдирет:
а) бир Келишим түзүп жаткан Тараптын гражданы болуп саналган жана
экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын аймагында анын мыйзамдарына ылайык
иш жүргүзгөн адам;
б) Келишим түзүп жаткан Тараптын биринчи мыйзамдарына ылайык
түзүлгөн, анын аймагында жайгашкан жана экинчи Келишим түзүп жаткан Та-
раптын аймагында инвестицияны жүзөгө ашырган юридикалык жак, юридикалык
жактын укугу бар же андай укугу жок башка бирикмелер.
3. "Киреше" деген термин төмөнкүнү билдирет.
инвестицияны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган жана аны менен
байланышкан акчалай же натуралай түрдөгү каражаттар, анын ичинде пайда,
дивиденддер, ишкананы башкаргандыгы, техникалык жактан тейлегендиги
үчүн сыйлык акы жана мыйзамдуу жол менен алынган ар кандай башка кара-
жаттар.
4. "Аймак" деген термин төмөнкүнү билдирет:
Келишим түзүп жаткан Тараптарга карата: Келишим түзүп жаткан Та-
раптардын мамлекеттик аймагы, анын ичинде Келишим түзүп жаткан Тараптар
эл аралык укуктарга ылайык өз суверендүү укугун жана юрисдикциясын
жүзөгө ашырган эркин экономикалык зона, континенталдык шельф жана кен-
дер.
5. Аймагында инвестиция жүзөгө ашырылган Келишим түзүп жаткан Та-
раптын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген инвестициянын формасын
өзгөртүү инвестиция катары анын мүнөзүн өзгөртпөйт.
2-статья. Инвестицияларды кубаттоо жана коргоо
1. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап экинчи Келишим түзүп жаткан
Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына көмөктөшөт жана мындай инвес-
тицияларды өз мыйзамдарына ылайык чечет.
2. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап экинчи Келишим түзүп жаткан
Тараптын инвесторлорунун инвестициялары үчүн адилеттүү жана тењдеш ре-
жимди камсыз кылат жана бул инвестицияларды башкаруунун, иштетүүнүн,
пайдалануунун же тескөөнүн эркин же кысымга алуучу чаралары аркылуу кы-
сымга албайт.
3-статья. Инвестициялардын укуктук негизи
1. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап өз аймагында инвестициялар
жагынан өзүнүн инвесторлорунун инвестициялары же үчүнчү өлкөлөрдүн ин-
весторлорунун инвестициялары үчүн берилгенден кем болбогон режимди кам-
сыз кылат.
2. Бул режим төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
а) Келишим түзүп жаткан Тараптын бири айрым өлкөлөрдүн инвесторло-
ру менен бирге эркин сооданын бажы же экономикалык союзуна катышканды-
гына байланыштуу аларга берген артыкчылыктарга;
б) Келишим түзүп жаткан Тараптардын бири кош салыктан оолак болуу
жөнүндө макулдашуунун же салык маселелери боюнча башка макулдашуулардын
негизинде айрым өлкөлөрдүн инвесторлоруна берген артыкчылыктарга.
4-статья. Экспроприациядан гарантия
1. Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин инвесторлорунун инвес-
тициялары реквизицияланышы, менчиктештирилиши, экспроприацияланышы же
реквизиция, менчиктештирүү, экспроприация (мындан ары экспроприация)
сыяктуу натыйжаларга алып келүүчү башка чараларга дуушарланышы мүмкүн
эмес, буга экспроприация коомдук таламда жүзөгө ашырылган жана
төмөнкүчө жүргүзүлгөн учурлар кирбейт:
- мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык;
- кысымга албастан;
- тиешелүү компенсацияны кармабастан төлөө менен.
2. Бул компенсация экспроприация жөнүндө чечим кабыл алынган же
жарыяланган күндөн мурдагы күндөгү инвестициянын рынок наркына барабар.
Компенсация инвестициянын учурдагы проценттик ставкасына ылайык келген
жана экспроприация датасынын жана компенсацияны иш жүзүндө төлөө дата-
сын ортосундагы мезгилде эсептелген проценттерди камтууга тийиш. Ком-
пенсация инвестиция жүзөгө ашырылган валютада, же инвестордун макулдугу
менен ар кандай башка валютада төлөнөт. Компенсация чет өлкөгө
чектөөсүз жана ашык создуктурбастан которулат.
5-статья. Зыяндык компенсация
1. Согуштун же башка куралдуу жањжалдын, өзгөчө абалдын, граждан-
дык кагылышуулардын же ушундай кырдаалдардын айынан бир Келишим түзүп
жаткан Тараптын аймагында инвестициясына зыян келтирилген экинчи Кели-
шим түзүп жаткан Тараптын инвесторлоруна жогоруда көрсөтүлгөн кырдаал-
дардын натыйжасында зыяндын ордун толтурууда өз инвесторлоруна, же
үчүнчү өлкөлөрдүн инвесторлоруна карата колдонулгандан кем болбогон ре-
жим берилет.
2. Бул статьянын 1-пунктунун салакасын тийгизбестен, бул пунктта
айтылган ар кандай кырдаалда башка Келишим түзүп жаткан Тараптын айма-
гында:
а) инвесторлордун менчигин укуктук органдар жана аскер күчтөрү же
бийлик алып коюушунун, же
б) алардын менчигин укуктук органдар же аскер күчтөрү же бийлик
жок кылышынын натыйжасында экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын инвес-
торлоруна зыян келтирилсе, бул аскер аракеттеринен же кырдаалдын зарыл-
чылыгынан келип чыкпаса, зыяндын орду толтурулууга же тиешелүү компен-
сация берилүүгө тийиш. Мында жүзөгө ашырылуучу төлөмдөр эркин конвер-
тирленүүгө жана которулууга тийиш.
6-статья. Инвестиция менен байланышкан төлөмдөрдү которуу
1. Келишим түзүп жаткан Тараптар инвестиция менен байланышкан бар-
дык каражаттарды которуу эркин жана ашыкча создуктурбастан капитал ал-
гачкы жолу жайгаштырылган конвертирленүүчү валютада же инвестор жана
таламдаш Келишим түзүп жаткан Тарап менен макулдашылган ар кандай башка
валютада, Келишим түзүп жаткан Тараптын мыйзамында белгиленген жол-жо-
болорго ылайык жүзөгө ашырылат, анда төмөнкүлөр каралышы мүмкүн:
- эркин которуу укугу бузулбай тургандыгын эске алуу менен мындай
которууларды документ менен толтуруу эрежеси;
- которулуучу суммадан салыктар, жыйымдар жана кармап калуу;
- кредиторлордун мыйзамдык укуктарын коргоо же соттук териш-
тирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган чечимдин аткарылышын камсыз кылуу.
Бул макулдашууда которуулар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- алгачкы жана кошумча инвестицияланган капиталды;
- пайданы;
- бул макулдашуунун 4- жана 5-статьяларына ылайык компенсацияны;
- кредит макулдашуусуна ылайык төлөмдөрдү, ошондой эле интеллекту-
алдык жана өнөр жай менчик укугуна байланыштуу сыйлык акыларды;
- инвестиция менен байланышкан ишти жүзөгө ашырган экинчи Келишим
түзүп жаткан Тараптын адамдары үчүн туруктуу негизде эмгеги үчүн акыны;
- инвестициянын бир бөлүгүн же аны бүт бойдон сатуудан же жоюудан
алынган каражатты.
Бул статьяда көрсөтүлгөн жол-жоболор адилеттүү жана кысымга алба-
гандай шартта болууга тийиш. Инвестор менен башкача макулдашуу жок бол-
со, которуулар алмашуунун учурдагы эрежелерине ылайык которуу датасында
белгиленген алмашуу курсу боюнча жүзөгө ашырылат.
Которуу менен байланышкан формалдуу иш аракеттерди аткаруу үчүн
ойдогудай талап кылынган убакыттын ичинде жүргүзүлгөн которуу "ашыкча
создуктурбастан" которуу катары эсептелет.
7-статья. Суброгация
1. Эгерде Келишим түзүп жаткан Тарап же ал ыйгарым укук берген
кандайдыр бир институт гарантиянын же инвестицияга байланыштуу түзүлгөн
камсыздандыруунун чегинде өз мамлекетинин ар кандай инвесторуна ар кан-
дай төлөмдөрдү берсе, экинчи Келишим түзүп жаткан Тарап инвесторго та-
андык болгон ар кандай укуктарды же талаптарды биринчи Келишим түзүп
жаткан Тарапка же анын институтуна берсе, Келишим түзүп жаткан Тарап же
инвестордун укугу өткөрүп алынган анын кандайдыр бир институту инвестор
ээ болгон укуктарга жана ошондой эле көлөмдө мындай укуктарды талап кы-
лууга укуктуу. мында инвестицияны ушундайча камсыздандыруу менен байла-
нышкан инвестордун милдеттенмелери айтылат.
2. Эгерде бул статьянын биринчи пунктунда аныкталган суброгация
болсо, Келишим түзүп жаткан Тарап же анын ар кандай институту жагынан
ыйгарым укук албаса, инвестор талап кое албайт.
8-статья. Келишим түзүп жаткан Тараптардын
ортосундагы талаш-тартыштар
1. Бул макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагынан Ке-
лишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар дипломатия-
лык жол менен чечилет.
2. Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптар талаш-тартыш келип чыккан
күндөн баштап алты айдын ичинде макулдукка жетише албаса, талаш-тартыш
Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин талабы боюнча үч мүчөдөн тур-
ган арбитраждык сотко берилет. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап бирден
арбитр дайындайт, ал эми дайындалган арбитрлер Төраганы шайлайт, ал эки
Келишим түзүп жаткан Тарап менен дипломатиялык мамиледе болгон үчүнчү
мамлекеттин гражданы болуп саналат.
3. Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын бири арбитрди дайында-
баса жана экинчи Келишим түзүп жаткан Тараптын ушундай дайындоону
жүргүзүүгө чакырыгына эки айдын ичинде макул болбосо, арбитр бул Кели-
шим түзүп жаткан Тараптын өтүнүчү боюнча ООНдун Гаага шаарындагы Эл
аралык сотунун Президенти тарабынан дайындалат.
4. Эгерде эки арбитр тењ дайындалган күндөн тартып эки айдын ичин-
де Төраганы шайлоо жагынан макулдукка жетише албаса, ал Келишим түзүп
жаткан Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча Эл аралык соттун Президенти
тарабынан дайындалат.
5. Бул статьянын 3- жана 4-пункттарында каралган учурларда Эл ара-
лык соттун Президенти көрсөтүлгөн милдеттерди аткара албаса же, эгерде
ал Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптын биринин гражданы болуп саналса,
мындай айындоону Вице-президент жүргүзөт, ал эми ал да тиешелүү милдет-
терди аткара албаса же Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин гражда-
ны болуп саналса, анда Эл аралык соттун рангы боюнча эњ улук, Келишим
түзүп жаткан Тараптардын биринин да гражданы болуп саналбаган судьясы
дайындайт.
6. Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундагы башка токтомдорду
бузбастан, арбитраждык сот өзүнүн жол-жобо эрежелерин белгилейт Арбит-
раждык сот добуштардын көпчүлүгү менен чечим чыгарат.
7. Ар бир Келишим түзүп жаткан Тарап өзүнүн сот мүчөсүн күтүү бо-
юнча чыгымдарды, арбитраждык жол-жободогу өз үлүшүнө ылайык төраганы
күтүү боюнча чыгамдарды көтөрөт жана башка чыгымдарды Келишим түзүп
жаткан Тараптар бирдей өлчөмдө жабат. Бирок сот өз чечиминде Келишим
түзүп жаткан Тараптардын биринин көбүрөөк катышуусун аныктай алат жана
мындай чечим эки Келишим түзүп жаткан Тарапты тењ милдеттендирет.
8. Соттун чечими биротоло чечим болуп саналат жана аны Келишим
түзүп жаткан Тараптардын ар бири аткарууга милдеттүү.
9-статья. Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу
1. Инвестиция жагынан Келишим түзүп жаткан Тарап менен экинчи Ке-
лишим түзүп жаткан Тараптын инвесторунун ортосундагы талашты чечүү мак-
сатында, бул Макулдашуунун 8-статьясынын жоболорун сактоо менен, талам-
даш тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
2. Эгерде сүйлөшүүлөрдү баштоо жагынан жазуу жүзүндө сунуш кылын-
ган күндөн тартып алты айдын ичинде сүйлөшүүлөр чечим менен аяктбаса,
талаштын тараптары талашты төмөндөгү уюмдардын бирине берүү жөнүндө ма-
кулдаша алат:
а) Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго (мам-
лекеттер менен мамлекеттердин граждандарынын ортосундагы инвестиция ма-
селелери боюнча талаштарды чечүү боюнча Конвенциянын жоболору жагынан,
ал кол коюу үчүн 1965-жылдын 19-мартында Колумбия округунда, Вашингтон-
до ачылган жана алгылыктуу болгон макулдашуучу арбитраждык жана бел-
гилөөчү администрация фактылары үчүн кошумча кызматка); же
б) Эл аралык соода палатасынын Арбитарждык Сотуна; же
в) эл аралык арбитрге аd hос арбитраждык трибуналына, ал атайын
макулдашуу менен дайындалууга тийиш же ООНдун эл аралык соода укук бо-
юнча комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык уюштурулат.
3. Эгерде жазуу жүзүндө талап коюлган учурдан тартып үч айлык
мөөнөттөн кийин жогоруда көрсөтүлгөн альтернативдүү жол жоболордун би-
рин пайдалануу боюнча макулдашууга жетишилбесе, анда бул талаш таламдаш
инвесторлордун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча ООНдун эл аралык соода
укук боюнча комиссиясынын арбитражынын колдонуп жаткан эрежелерине ыла-
йык арбитражга берилүүгө тийиш.
10-статья. Башка эрежелерди колдонуу
Эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын ар биринин мыйзамдарынын
жоболору же тиешелүү учурда колдонуп жаткан же бул макулдашууга толук-
тоо иретинде кийинчерээк Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосунда
белгиленген эл аралык укук боюнча милдеттенмеде экинчи Келишим түзүп
жаткан Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына бул макудашууда карал-
гандан алда канча жагымдуу режимге укук берген эрежелерди камтыса, анда
мындай эрежелер кыйла жагымдуу болуп саналган өлчөмдө бул Макулдашуудан
басымдуулук кылууга тийиш.
11-статья. Күчүнө кириши
Бул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоо грамо-
тасы алмашылган күндөн тартып күчүнө кирет.
12-статья. Күчүнө киришинин мөөнөтү жана токтотулушу
1. Бул Макулдашуу он жыл бою күчүндө болот. Андан соњ ал Келишим
түзүп жаткан Тараптын бири анын күчүн токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү
билдирүүнү экинчи Келишим түзүп жаткан Тарапка жиберген күндөн тартып
он эки ай аяктаганга чейин күчүндө калат. Бул Малкулдашуу күчүндө бол-
гон мезгилде жүзөгө ашырылган инвестициялар жагынан анын жоболору Ма-
кулдашуунун күчү токтотулган күндөн тартып он ай бою күчүндө болот жана
кийинчерээк эл аралык укук эрежелерин колдонууга зыян келтирбейт.
2. Бул Макулдашууга Келишим түзүп жаткан Тараптардын ортосундагы
жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн. Эгерде
Келишим түзүп жаткан Тараптын ар бири экинчи Келишим түзүп жаткан Та-
рапка бул жөнүндө билдирсе, ал мындай түзөтүүнү күчүнө киргизүүгө тос-
коолдук кылган өзүнүн бардык маселелерин жөнгө салгандыгы билдирсе, ар
кандай түзөтүү күчүнө кирүүгө тийиш.
Муну күбөлөп, төмөндө кол койгондор, тиешелүү түрдөгү ыйгарым
укуктуу өкүлдөр бул Макулдашууга кол койдук.
1997-жылдын 8-апрелинде Алматы шаарында эки түп нускада, ар бири
кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-
дей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө ача пикирлер келип чыккан
учурда Келишим түзүп жаткан Тараптар Макулдашуунун орус тилиндеги текс-
тин жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.