1-берене
Күчүндө · 03.04.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 403-беренеде:
а) 4-бөлүктө:
- "417-беренесинде" деген сөздөр "406-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстте "судьянын" деген сөздөн кийин ", соттун" деген сөз менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.";
2) 439-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Сотко чейинки сот өндүрүшүнүн кызмат адамдарынын чечимдерине даттануулар боюнча кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомдорду жана өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасын кошпогондо, апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануулар боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш эмес.".
Берененин тексти 03.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230004208/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>