Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 3-апрели № 75 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 403-беренеде:
а) 4-бөлүктө:
- "417-беренесинде" деген сөздөр "406-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстте "судьянын" деген сөздөн кийин ", соттун" деген сөз менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.";
2) 439-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Сотко чейинки сот өндүрүшүнүн кызмат адамдарынын чечимдерине даттануулар боюнча кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомдорду жана өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасын кошпогондо, апелляциялык тартипте даттанылбаган мыйзамдуу күчүнө кирген биринчи инстанциядагы соттун чечимдери, ошондой эле тергөө судьясынын токтомдоруна даттануулар боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш эмес.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 (3579) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 28-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Шилтеме берет (1)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон