Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Жубайы, жакын туугандары болбогон каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн, таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жана биологиялык объекттерди жайга коюу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 139
1. Жубайы, жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак жок болгон учурда, каза болгон адамдын өздүгү ички иштер органдары тарабынан аныкталгандан кийин анын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө өздүгү аныкталбаган каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөттө ички иштер органдары тарабынан өздүгү аныкталбаган маркумдардын сөөгүн жайга коюу, ошондой эле таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү, адамдын боюнан алдырылган же ɵлүү тɵрɵлгɵн түйүлдүктɵрдү кɵмүү, көрсөтүлгөн органдардын макулдугу менен маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрүстөндөрдүн мындай учурлар үчүн аныкталган участокторунда жерге берүү жолу менен гана жүзɵгɵ ашырылат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маркумдардын сөөгүн жайга коюуда маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;
2) денени кепинге ороо (кийинтүү);
3) каза болгон адамды көрүстөнгө ташып баруу;
4) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).
4. Белгиленген кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2026 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жана биологиялык алынып салынды: калдыктарды кошулду: объекттерди жайга коюу
1. Жубайы, жакын туугандары, башка туугандары же болбосо … органдары тарабынан өздүгү аныкталбаган маркумдардын сөөгүн жайга алынып салынды: коюу (кремациялоо), кошулду: коюу, ошондой эле таанылбаган жана туугандары алып кетпеген алынып салынды: сөөктөрдү жана биологиялык калдыктарды көмүү (кремациялоо) кошулду: сөөктөрдү, адамдын боюнан алдырылган же ɵлүү тɵрɵлгɵн түйүлдүктɵрдү кɵмүү, көрсөтүлгөн органдардын макулдугу менен маркумду узатуу ишинин … көрүстөндөрдүн мындай учурлар үчүн аныкталган участокторунда алынып салынды: жүзөгө кошулду: жерге берүү жолу менен гана жүзɵгɵ ашырылат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн … денени кепинге ороо (кийинтүү);
3) каза болгон адамды көрүстөнгө алынып салынды: (крематорийге) ташып баруу;
4) сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү).
4. … Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу…Постановление · 10.12.2025 · № 795
- Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\3 "Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2025 · № 29-8\3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-13" title="13-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>