12-берене. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
1. Аскер кызматчысынын статусуна ээ болгон, аскер кызматын өтөөдө (аскердик жыйындарда, кызматта) курман болгон же тынчтык мезгилинде жабыркоонун (жаракат алуунун, травманын, контузиянын), оорунун кесепетинен каза болгон адамдардын сөөгүн жайга коюу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Каза болгон аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюуга чыгашалардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Маркумдун сөөгүн жайга коюуга керектүү документтерди тариздөөгө, расымдык буюмдарды сатып алууга, сөөктү жайга коюу ырым-жырымын жүзөгө ашырууга чыгашаларды төлөө каза болгон адам аскердик кызматын (аскердик жыйындарды, кызматтарды) өтөгөн министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\3 "Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2025 · № 29-8\3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-12" title="12-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>