Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-декабры № 795
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 13-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:
“23. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 13-беренелеринде каралган сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бекитүү боюнча.”.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте жогоруда көрсөтүлгөн Тартипти колдонуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын методикалык жактан коштоону камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795 токтомуна)Порядок · 10.12.2025 · № 795
- Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 11-августундагы №46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга…Постановление · 11.08.2026 · № 46
- Жаны-Жер айылдык кенешинин 2026-жылдын 17-мартындагы №21 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2026 · № 21
- кен-Талаа айылдык кенешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги №22 "Кең-Талаа айыл аймагындагы айылдарда каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби…Постановление · 29.04.2026 · № 22
- Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 19-августундагы №167 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жерге коюу кызматтары үчүн акы алынбашы жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2026 · № 167
- Торт-Гул айылдык кенешинин 2026-жылдын 19-августундагы №27 "Төрт-Гүл айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алынбашы жөнүндө"…Постановление · 19.08.2026 · № 27
Шилтеме берет (5)
- Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөЗакон · 22.02.2024 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795 токтомуна)Порядок · 10.12.2025 · № 795