Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук мекемелеринин айрым маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 16-февралы № 57
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук мекемелеринин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин мекемелеринин ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын маселелери" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалы жөнүндө жободо:
- 1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.1. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалы мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген, оперативдүү башкаруу укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана өз ишин "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын түзүмдүк бөлүмү катары жүзөгө ашырат.";
- 5.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Филиалды Компаниянын төрагасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу директор башкарат. Филиалдын директорунун бир орун басары болот, ал Компаниянын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 6.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6.1. Филиалды кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Компаниянын акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен ишке ашырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-майындагы № 296 "Слово Кыргызстана" басма үйү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Слово Кыргызстана" басма үйү жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. "Слово Кыргызстана" басма үйү мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген, оперативдүү башкаруу укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн жана бир аталыштагы күн сайын чыгуучу жалпы улуттук газетанын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Директор - башкы редактор маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редакторунун бир орун басары болот, ал маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактору жок учурда анын милдетин орун басары аткарат.";
- 14-пунктта "башкы редакторунун орун басарлары (аткаруучу редакторлор)" деген сөздөр "аткаруучу редакторлору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. "Слово Кыргызстана" басма үйүн кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 20-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы № 352 "Кыргыз Туусу" Басма үйү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Туусу" Басма үйү жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. "Кыргыз Туусу" Басма үйү мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген, оперативдүү башкаруу укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн жана бир аталыштагы мезгилдүү жалпы улуттук газетанын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Директор - башкы редактор маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директору - башкы редакторунун бир орун басары болот, ал маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директору - башкы редактору жок болгон учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.";
- 14-пунктта "башкы редакторунун орун басарлары (аткаруучу редакторлор)" деген сөздөр "аткаруучу редакторлору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
-19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19. "Кыргыз Туусу" Басма үйүн кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
- 20-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Талас областтык мамлекеттик "Манас Ордо" комплекси жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси жөнүндө жободо:
- 3.2-пункттун үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. КУК "Манас Ордо" ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт. КУК "Манас Ордо" башкы директору маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 4.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Башкы директор жок учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.";
- VII бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"VII. КУК "Манас Ордону" жоюу жана кайра уюштуруу
7.1. КУК "Манас Ордону" кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-сентябрындагы № 611 "А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин Уставында:
- 3.2-пункттун үчүнчү абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1, 4.2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Театрдын ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.
4.2. Театрдын башкы директору маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 4.3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Директор жок учурда анын милдеттерин орун басарлардын бири аткарат (директор бекиткен орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык).".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы № 471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставында:
- 1.2, 1.4-пункттарда, 3.2-пункттун экинчи абзацында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. "Сулайман-Тоо" УТАМКнын башкы директору маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 4.3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Директор жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат (директор бекиткен орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык).";
- VII бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"VII. "Сулайман-Тоо" УТАМКны жоюу жана кайра уюштуруу
7.1. "Сулайман-Тоо" УТАМКны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-январындагы № 42 "Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин Уставында:
- 1.2-пунктта "Өкмөтү", "Граждандык кодексине" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети" "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.3-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Филармониянын ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.";
- 4.2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.4, 4.5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.4. Башкы директор маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
4.5. Филармониянын башкы директорунун орун басарлары, башкы бухгалтери, көркөм жетекчиси башкы директордун сунушу боюнча маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат (директор бекиткен орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык).";
- 4.8-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине мамлекеттик сыйлыктарды, ардак наамдарды ыйгаруу жана өкмөттүк сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү.";
- 4.9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көркөм кеңешке Филармониянын штатындагы кызматкерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирет.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын уставында:
- 4-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 32, 33-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Компаниянын башкы директору Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка 5 жылдык мөөнөткө дайындалат жана кызматтан бошотулат.
33. Башкы директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директор жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат (директор бекиткен орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык).";
- 49, 54-пункттарда ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставында:
- 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Консерватория мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат. Менчигинин түрү - мамлекеттик. Консерваториянын мамлекеттик менчик болуп саналган, оперативдүү башкаруу укугунда өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук аталышы жазылган, идентификациялык салык органы көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, бланктары жана эмблемасы жана жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
3. Консерватория өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынжана "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.";
- 5-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (12)
- Устав Национального историко-археологического музейного комплекса "Сулайман-Тоо" (утвержден постановлением Правительства КР от 26 июня 2004 года №471)Устав · 26.06.2004 · № 471
- "Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин Уставы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-январындагы № 42 токтому менен бекитилген)Устав · 29.01.2005 · № 42
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2015 · № 122
- Положение о Кыргызском национальном комплексе "Манас Ордо" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 1 июня 2001 года № 261)Положение · 01.06.2001 · № 261
- Постановление Правительства КР от 6 сентября 2002 года № 611 "Об утверждении Устава государственного учреждения "Кыргызский национальный ордена Ленина академический театр опера и…Постановление · 06.09.2002 · № 611
- "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын" УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 токтому менен бекитилген)Устав · 23.06.2017 · № 405
- Постановление Правительства КР от 1 июня 2001 года №261 " О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О Таласском областном государственном комплексе "Манас Ордо"Постановление · 01.06.2001 · № 261
- Положение о Национальном филиале Межгосударственной телерадиокомпании "Мир" ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 5 апреля 1994 года №173)Положение · 05.04.1994 · № 173
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 452
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы №244 "Кыргыз Туусу" Басма үйү жөнүндө"жобосуПоложение · 15.06.1998 · № 352 · Күчүн жоготкон
- Положение об издательском доме "Слово Кыргызстана" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 25 мая 1998 года №296)Положение · 25.05.1998 · № 296 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2015 · № 245 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (14)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Устав Национального историко-археологического музейного комплекса "Сулайман-Тоо" (утвержден постановлением Правительства КР от 26 июня 2004 года №471)Устав · 26.06.2004 · № 471
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 405 "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 405
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2015 · № 122
- "Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин Уставы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-январындагы № 42 токтому менен бекитилген)Устав · 29.01.2005 · № 42
- Постановление Правительства КР от 6 сентября 2002 года № 611 "Об утверждении Устава государственного учреждения "Кыргызский национальный ордена Ленина академический театр опера и…Постановление · 06.09.2002 · № 611
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Положение о Национальном филиале Межгосударственной телерадиокомпании "Мир" ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 5 апреля 1994 года №173)Положение · 05.04.1994 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-мартынан "Талас областтык мамлекеттик «Манас Ордо» комплекси жөнүндө" Указы ПУ №101Указ · 24.03.2001 · № 101
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 452
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы №244 "Кыргыз Туусу" Басма үйү жөнүндө"жобосуПоложение · 15.06.1998 · № 352 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2015 · № 245 · Күчүн жоготкон
- Положение об издательском доме "Слово Кыргызстана" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 25 мая 1998 года №296)Положение · 25.05.1998 · № 296 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 5 апреля 1994 года №173 "Вопросы Национального филиала Межгосударственной телерадиокомпании "Мир"Постановление · 05.04.1994 · № 173
- Постановление Правительства КР от 25 мая 1998 года №296 "Об утверждении Положения об издательском доме "Слово Кыргызстана"Постановление · 25.05.1998 · № 296 · Күчүн жоготкон