Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 февраля 2024 года № 57 "О некоторых вопросах подведомственных учреждений Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-02-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-апрели № 245 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819, 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомдун редакциясына ылайык) "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "№ 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасын өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "№ 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Этномаданиятты, ат-спортиндустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы" № 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы" позициясы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун төртүнчү абзацы жана 3-тиркемеси.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
2-тиркеме "2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 819 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берилүүчү мамлекеттик…Постановление · 03.07.2012 · № 464
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралы № 57 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук…Постановление · 16.02.2024 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик…Устав · 23.04.2015 · № 245 · Күчүн жоготкон
- Устав государственного предприятия «Иссык-Кульский племенной конный завод № 54» при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики…Постановление · 03.07.2012 · № 464 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берилүүчү мамлекеттик…Постановление · 03.07.2012 · № 464
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралы № 57 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук…Постановление · 16.02.2024 · № 57
- О национальных видах спортаЗакон · 19.04.2003 · № 84
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2015 · № 819 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 125 · Күчүн жоготкон