15-берене. Аксакалдар сотторун түзүүнүн принциптери
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 2-глава
1. Айылдык аймактарда жана райондук маанидеги шаарларда аксакалдар соттору бир калктуу конуш - бир аксакалдар соту же болбосо бир айылдык аймак жана бир шаар - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.
2. Республикалык жана облустук маанидеги шаарларда аксакалдар соттору төмөнкүдөй принципте түзүлөт:
1) эгерде жашоочулардын саны 25 миңден ашпаса - бир аксакалдар соту;
2) эгерде жашоочулардын саны 25 миңден 50 миңге чейин болсо - эки аксакалдар соту;
3) эгерде калктын саны 50 миң адамдан ашса, аксакалдар сотторунун саны ар бир кийинки 25 миң калкка пропорциялуу көбөйтүлүшү мүмкүн;
4) кичи райондору жана муниципалдык аймактык башкармалыктары/аймактык башкармалыктары бар шаарларда аксакалдар соттору калктын санына карабастан бир кичи районго - бир аксакалдар соту, бир муниципалдык аймактык башкармалыкка/аймактык башкармалыкка - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-15" title="15-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>