14-берене. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлуучу талаптар
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 2-глава
1. Аксакалдар сотторунун курамына 50 жаштан жогорку курактагы, кеминде жалпы орто же кесиптик орто билимге ээ, ушул аймакта жашаган, соттуулугу жок, тиешелүү аймактын калкынын арасында сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болгон, ишкердик жана адамкерчилик сапаттары боюнча ушул Мыйзамда белгиленген аксакалдар сотторунун милдеттерин аткарууга жөндөмдүү болгон, расасына, этностук таандыктыгына карабастан, гендердик балансты сактоо менен Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктигинин (ТМЭ) төрагалары аксакалдар сотунун мүчөлөрү боло албайт.
3. Соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адамдар аксакалдар сотунун мүчөлөрү боло албайт.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-14" title="14-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>