Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Аксакалдар сотторун шайлоонун тартиби
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 2-глава
1. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жашаган жери боюнча жарандардын чогулуштарында (жыйындарында) ачык добуш берүү менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүргүзүлөт, ал ушул Мыйзамдын 13 жана 15-беренелерине ылайык:
1) тиешелүү аймактарда түзүлө турган аксакалдар сотунун санын, алардын сандык курамын аныктайт;
2) аксакалдар соту шайлана турган аймакты (аймактарды) бөлүктөргө бөлөт, мында аймактын ар бир бөлүгүндө шайлануучу аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн санына квоталарды жана чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу үчүн жооптуу адамдарды аныктайт.
3. Аймакты бөлүктөргө бөлүү төмөнкүдөй талаптарды сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш:
1) өкүлчүлүктүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашык эмес жол берилген айырмасы менен, аймактын бөлүктөрүнүн жашоочуларынын болжол менен бирдей саны;
2) аймактын бөлүктөрү бирдиктүү аймакты түзүүгө тийиш, аймакты бири-бири менен чектешпеген бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт.
4. Эгерде чогулушка аймактын тиешелүү бөлүгүнүн 50дөн кем эмес адам (жашоочулар) катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет.
Катышып олтургандардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкер шайланды деп эсептелет.
5. Чогулуштун протоколу чогулуш өткөрүлгөн күндөн тартып эки күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилет.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы протоколдорду текшерүүдөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде өз чечими менен аксакалдар сотунун курамын жарыялайт.
Аксакалдар сотунун курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин буйругу менен жарыяланат.
7. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү өз курамынан төраганы жана катчыны шайлайт.
Төраганы шайлоодо жогорку же атайын орто юридикалык билиминин болушу артыкчылык болуп эсептелет.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-16" title="16-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>