Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
83-берене. Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры жүргүзүлөт:
- мамлекеттик токой фондун коргоону, сактоону, жаңыртып өстүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу үчүн;
- парник газдарынын эмиссиясына жана токойлордун аларды сиңирүүсүнө баа берүү жана контролдоо үчүн;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун сандык жана сапаттык өзгөрүүлөрүн тутумдук контролдоо үчүн;
- кызыкдар уюмдарды жана жарандарды мамлекеттик токой фонду жөнүндө так маалыматтар менен камсыздоо үчүн.
Токой кадастры төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун укуктук режими жөнүндө маалыматтардын тутумун;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордун абалы жөнүндө сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрдү;
- парник газдарынын эмиссиясын жана токойлордун аларды сиңирүүсүн инвентаризациялоо жөнүндө маалыматтар тутумун;
- токойлорду корголуу категорияларына бөлүүнү, аларды экономикалык баалоону жана токой чарбачылыгын жүргүзүү жана чарба ишинин натыйжаларын баалоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.
Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры токой жайгаштыруу материалдарынын, Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү тутум боюнча инвентаризациялоонун жана атайын изилдөөлөрдүн негизинде токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик токой фондун эсебин алуунун жана токой кадастрынын документтери мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик токой фондунун эсебин алуу жана токой кадастры Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.";
77) 84-беренеде:
а) экинчи бөлүктө:
- экинчи абзацта "токой фондусунун участоктору карамагында болгон юридикалык жактардын жана жарандардын" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац "токойлорду" деген сөздөн кийин "жердин космостук сүрөттөрүн пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токойлордун түрлөрүн жана жаш курагын, абалын, алардын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо менен инвентаризациялоону;";
- бешинчи абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "токойлордун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацта "иш-чараларды" деген сөз "иш-чараларды пландоону" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле мамлекеттик токой фондунун участоктору токой чарбачылыгын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарда пайдаланылган учурларда, токой чарбачылыгынын өндүрүш чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоону;";
б) үчүнчү бөлүктө "Экологиялык экспертизанын талаптарына жооп берген токой күтүү материалдары" деген сөздөр "Токой жайгаштыруу материалдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду жайгаштыруу республикалык бюджеттен, бюджеттен тышкары булактардан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын токой жайгаштыруу жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлөт.";
78) 86-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86-берене. Токой жайгаштырууну жүргүзүү тутуму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондунун аймагында токой жайгаштыруу токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой жайгаштыруу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү токой жайгаштырууну жүргүзүүнүн тартибинде каралган учурларды кошпогондо, токой жайгаштырууну жүргүзбөстөн токой чарбачылыгын жүргүзүүгө жана токойду пайдаланууга салынат.";
79) 87-берененин экинчи бөлүгүндө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
80) 88-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
81) 89-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
82) 18-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
83) 91-берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
84) 92-беренеде:
а) "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "мыйзамдарына" деген сөз "жер мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
85) 93-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"93-берене. Плантацияларды түзүү Дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрлөрүнүн (максаттуу түрлөрүнүн) плантациялары коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу максатында же жеке пайдалануу үчүн түзүлөт. Дарак жана дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрлөрүнө (максаттуу түрлөрүнө) жасалма өстүрүлгөн дарактар кирет, алардын эсебинен белгиленген мүнөздөмөлөрү бар жыгачтарды, мөмө-жемиштерди алуу камсыздалат. Плантациялар мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде түзүлүшү мүмкүн. Плантацияларды түзүү үчүн жер участоктору ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилет. Плантацияларда дарактарды кыюуга, мөмө-жемиштерди жыйноого чектөөсүз жол берилет.";
86) 96-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
б) экинчи бөлүктө "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) үчүнчү бөлүктө "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
87) 97-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусуна" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
88) 98-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы мамлекеттик башкарууга жана токой чарбачылыгын жүргүзүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана бюджеттен тышкары булактардын эсебинен жүргүзүлөт.";
б) экинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
89) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 981-берене менен толукталсын:
"981-берене. Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык баалоону колдонуу Токой экосистемалары экономикалык жактан бааланууга тийиш, ал төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
- токой экосистемаларынын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын аныктоо;
- токой экосистемаларынын абалынын өзгөрүшүнө алып келүүчү иш-аракеттерден/кийлигишүүдөн болуучу пайданы аныктоо;
- токой экосистемалары менен байланышкан чыгымдарды жана пайданы бөлүштүрүү;
- токой экосистемаларын сактоо үчүн потенциалдуу каржылоо булактарын аныктоо.
Токой экосистемаларынын кызмат көрсөтүүлөрүн экономикалык баалоо төмөнкүдөй негизги этаптарды камтыйт:
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн аныктоо;
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо;
- кызмат көрсөтүүлөрдөн пайда алуучуларды аныктоо;
- экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө механизмдерин түзүү.
Экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоонун методикасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
90) 99 жана 100-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"99-берене. Токой чарбачылык фонду Токой чарбачылык фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кирешелердин бюджеттен тышкары булактарынан каржыланат. Фонддун каражаттары токой чарбачылыгын өнүктүрүүгө, токой экосистемаларын жана токойдун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, токой чарбачылыгы жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө пайдаланылат. Токой чарбачылык фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001400/st-83" title="83-берене - Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>