30-берене. Токойлордун корголуу категориялары
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасында токойлор төмөнкүдөй корголуу категорияларына бөлүнөт:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жайгашкан токойлор;
- өзгөчө баалуу токой массивдери;
- илимий мааниге ээ токойлор;
- санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу функцияларды аткаруучу токойлор, аларга суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо зоналарындагы токойлор, курортторду санитардык коргоо аймактарындагы токойлор кирет;
- коргоочу токойлор, аларга эрозияга каршы токойлор, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн олуттуу мааниси бар чөлдүү жана аз токойлуу тоолуу райондордогу токойлор кирет;
- суу коргоочу токойлор - дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка көлмөлөрдүн жээктериндеги токойлордун тыюу салынган тилкелери.
Токойлордун корголуу категориясы токой жайгаштыруу учурунда аныкталат. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
25) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 301-берене менен толукталсын:
"301-берене. Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлор эл аралык, региондук же улуттук мааниде болушу мүмкүн. Жаратылышты коргоо баалуулугу жогорку токойлорду таануу токойду ыктыярдуу сертификациялоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлорду бөлүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
26) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Токой чарбачылыгын токойлордун корголуу категориялары боюнча жүргүзүү режими Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө, эсепке алынууга жана корголууга тийиш. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук жаратылыш парктарынын корук режиминдеги зоналарынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын башка категориялардагы өзөк зоналарынын токойлорунда, токойду илимий-изилдөө максаттарында пайдаланууну кошпогондо, токойду кыюунун бардык түрлөрүнө жана токойду пайдаланууга тыюу салынат. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлеринде жайгашкан токойлор изилденүүгө жана эсепке алынууга, корголууга жана сакталууга, жаңыртып өстүрүлүүгө, токойду пайдаланууга, токой ресурстарынын пайдаланылышы контролго алынууга тийиш. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат, токойду пайдалануу функционалдык зоналаштыруу режимдерине ылайык жүзөгө ашырылат. Илимий мааниси бар токойлордо токой чарбачылыгын жүргүзүү режими бул токойлор карамагында турган илимий мекеменин илимий изилдөөлөрүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша белгиленет. Өзгөчө баалуу токой массивдеринин токойлорунда токойду калыбына келтирүүчү кыюуларга жана реконструкциялык кыюуларга тыюу салынат. Санитардык-гигиеналык жана ден соолукту чыңдоочу функцияларды аткаруучу токойлордо, коргоочу токойлордо, сууну коргоочу зоналарда жайгашкан токойлордо токойлордун абалын жана алардын функционалдык маанисин жакшыртууга багытталган кыюулардын бардык түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн. Бардык корголуу категорияларындагы токойлордо мал жаюуга тыюу салынат. Токойду пайдалануу режими токойлордун корголуу категорияларына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
27) 32-берененин аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 33-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "33-берене. Мамлекеттик токой фондундагы токойлуу жана токойсуз жерлерди которуу";
б) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токой жерлерин токой чарбачылыгын жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн токойсуз жерлерге которуу өзгөчө учурларда жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын корутундулары болгондо гана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.";
в) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик токой фондунун токойсуз жерлерин токойлуу жерлерге которуу токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын чечими боюнча токой жайгаштырууда жүзөгө ашырылат. Токойсуз жерлерди токойлуу жерлерге которуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
29) 34-берененин аталышында жана экинчи бөлүгүндө "токой фондусунан" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 36-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан токойлордо жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу менен байланышпаган курулуш жана жардыруу иштери, жер казынасын пайдалануу, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды тартуу, бургулоочу жана башка жумуштар мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгондо жана токойлорду коргоону жана жаңыртып өстүрүүнү, мамлекеттик токой фондунун жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду рекультивациялоону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын талаптары аткарылганда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.";
31) III бөлүмдүн аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) 7-главанын аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 37-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-берене. Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары жана милдеттери Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары:
- токой чарбачылыгын өнүктүрүүнү келечектеги жана учурдагы пландандоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана аларды токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органга киргизүүгө;
- токойду пайдалануу жана аны менен байланышкан башка максаттар үчүн мамлекеттик токой фондунун участокторун уюмдарга жана жарандарга натуралай бөлүп берүүгө, токой кыюу билеттерин (ордерлерди) же токой билеттерин берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга;
- ижара келишимдерин түзүүгө;
- экологиялык туризмди уюштуруу менен алектенүүгө;
Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган токойлордун жаңыртып өстүрүлүшүн, кайтарылышын, корголушун жана алардын экологиялык жана санитардык абалынын жакшыртылышын, аны багууну, токойлордун өнүмдүүлүгүн жана токой жер кыртышынын асылдуулугун жогорулатууну, токойду пайдаланууну уюштурууну, токойлорду эсепке алууну камсыз кылууга жана токой чарбачылыгын жүргүзүү боюнча башка милдеттерди аткарууга милдеттүү. Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын укуктары менен милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.";
34) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 371-берене менен толукталсын:
"371-берене. Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө укуктуу:
- токойду пайдаланууну жана аны менен байланышкан башка чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга;
- жолдордун, токой кампаларынын, өрткө каршы жана химиялык станциялардын, турак жай курулуштарын жана чарбалык курулуштарды, даярдалган чийки заттарды сактоо жана баштапкы кайра иштетүү үчүн курулмаларды жана токой чарбасын жүргүзүү жана токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка объекттерди курууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга.
Токой чарба мекемелери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- илимий жактан негизделген ченемдердин чегинде токойдун жыгач жана башка өсүмдүк ресурстарын жана анын пайдалуу жаратылыш касиеттерин белгиленген тартипте пайдаланууга;
- чарбалык иштерди токойдун чөйрө түзүүчү жана коргоочу функцияларынын сакталышын, ошондой эле дарактарды калыбына келтирүү, дары-дармек, тамак-аш жана техникалык сырьёну жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу ыкмалар менен жүргүзүүгө, токойлорду кайтаруу жана коргоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча ушул Кодексте каралган, ошондой эле токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген талаптарды аткарууга.
Токой чарба мекемесинин укуктары жана милдеттери токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекиткен жобо менен аныкталат.";
35) 38-беренеде:
а) берененин аталышында "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 39-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39-берене. Токой пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери Токой пайдалануучулар укуктуу:
- мамлекеттик токой фондунун участокторун аны берүү шарттарына ылайык пайдалануу үчүн натуралай алууга;
- ушул Кодексте жана токой мыйзамдарында каралган токой ресурстарын пайдалануунун бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык, туристтик максаттардын керектөөлөрү жана токойду пайдалануунун башка түрлөрү үчүн мамлекеттик токой фондунун жер участокторун келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга;
- токойду пайдаланууга укук берүүчү документтерде көрсөтүлгөн көлөмдө токойду пайдаланууну жүзөгө ашырууга;
- токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу боюнча чарбалык иштин формаларын өз алдынча тандоого;
- мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдын макулдугу боюнча белгиленген тартипте жолдорду салууга, өндүрүштүк жана чарбалык курулуштарды жүргүзүүгө, чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн жабдууларды жана шаймандарды орнотууга, транспорт токтоочу жайларды салууга ж.б.
Токой пайдалануучулар милдеттүү:
- токой кыюу үчүн берилген токой аянттарын, токой чөп чабыктарын, жайыттарды жана башка жерлерди, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, жаныбарлар дүйнөсүн жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоого;
- мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо келишиминин, мамлекеттик токой фондунун участогун акысыз пайдалануу келишиминин шарттарын, ошондой эле токой кыюу билетинин, ордердин, токой билетинин шарттарын сактоого;
- ишти жүргүзүү процессинде кыртыштын эрозиясынын пайда болушуна жол бербөөгө, токойду пайдалануунун токойлордун абалына жана жаңыртып өстүрүүгө, ошондой эле көлмөлөргө жана башка жаратылыш объекттерине терс таасир тийгизүүсүн болтурбоого же чектөөгө;
- токойлордун жана башка жаратылыш объекттеринин абалына жана аларды жаңыртып өстүрүүгө терс таасирин тийгизбеген ыкмалар менен иш жүргүзүүгө;
- өрт коопсуздугун сактоого, иш жүрүп жаткан жерлерде өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүүгө, ал эми токойдо өрт чыккан учурларда - аларды өчүрүүгө;
- кыртыштын асылдуулугун калыбына келтирүүнү, коргоону, сактоону жана жогорулатууну, токой дарактарынын өнүмдүүлүгүн жана алардын пайдалуу касиеттерин күчөтүүнү камсыз кылууга, токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токой ресурстарын пайдалануу боюнча мыйзамдардын башка талаптарын аткарууга;
- кыйылбай калууга жана ашыкча кыюуларга жол бербөөгө, ошондой эле камдоо жана ташып кетүү үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин кыюучу жерлерде жана токойдо даярдалган жыгачтарды сактоого;
- жыгачтын коромжу болушуна, ишке жарактуу жыгачты отунга айландырууга жана анын максатсыз иштерге жумшалышына жол бербөөгө;
- кыркылган аянттарды кыркынды калдыктарынан тазалоого жана токойду пайдаланууда бузулган жерлерди аны бузгандардын өз эсебинен багыты боюнча пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө;
- токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун белгиленген тартипте толтурууга;
- токойду пайдалануу үчүн акыны өз убагында жана толук төлөөгө;
- расмий статистикалык отчетторду статистика органдарына өз убагында берүүгө;
- токойду пайдаланууда токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган белгилеген башка талаптарды аткарууга.";
37) 40-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Токой пайдалануучулардын укуктары мыйзам менен корголот жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн.";
38) 8-главанын аталышында "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторун ижаралоо Мамлекеттик токой фондунун участоктору ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган токой ресурстарын жаңыртып өстүрүүнү, токойду пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн ижара шарттарында пайдаланууга берилет. Мамлекеттик токой фондунун участогу ижарага бир же бир нече ижарачыга берилиши мүмкүн. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ижарага берүүчү болуп мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган саналат. Мамлекеттик токой фондунун жер участокторун ижаралоодогу укуктук мамилелер ушул Кодекс, жер жана жарандык мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик токой фондун пайдалануунун жана тескөөнүн тартиби менен жөнгө салынат.";
40) 43-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 44-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) 45-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 46-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 48-берененин биринчи бөлүгүндө:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфратүзүмүн куруу жана аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетика орнотмолорун куруу;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан көлмөлөрдө жана башка суу объекттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашыруу;
- плантацияларды түзүү;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Токойлорду пайдалануу мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштырууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
45) 49-берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык орган жана токой чарба мекемеси мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин өз муктаждыктары үчүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле белгиленген тартипте суу объекттерин пайдаланууга жана жердин башка пайдалуу касиеттерин эксплуатациялоого укуктуу. Көрсөтүлгөн жаратылыш ресурстарын өнөр жайлык иштетүү, ошондой эле аларды коммерциялык максаттарда пайдалануу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Минералдарды жана жер үстүндө жайгашкан пайдалуу кендердин табигый пайда болгон катуу тоо тектерин жана мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан башка жаратылыш ресурстарын юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусу алар тарабынан белгиленген тартипте алынган токойду пайдалануу укугунун негизинде жүзөгө ашырылат.";
46) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50-берене. Токойду пайдаланууга акы төлөө Кыргыз Республикасында токойду пайдалануу токой таксалары жана токойду пайдалануу үчүн акы төлөмдөр түрүндөгү акы менен жүргүзүлөт. Жарандардын эс алуусу, ошондой эле жеке керектөөлөр үчүн жапайы өскөн мөмө-жемиштерди, козу карындарды, дары чөптөрдү жыйноо акысыз жүргүзүлөт. Токойду багуу иретинде кыюуларды, санитардык жана токойду калыбына келтирүүчү кыюуларды, башка токой чарбачылык иштерин, токой жайгаштыруу, токой чарбачылыгынын муктаждыгы үчүн илимий-изилдөө жана долбоорлоо иштерин жүргүзгөндө токой чарба мекемеси даярдаган жыгач үчүн, ошондой эле токой чарба мекемеси экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдаганда жана алар токойду кошумча пайдаланганда акы алынбайт.";
47) 51-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
48) 52-беренеде:
а) биринчи бөлүктө "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "токойду утурумдук пайдалануунун, өнөр жайлык плантацияларды кыюунун" деген сөздөр "токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюулардын, токойду калдыктардан тазалоонун, анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюулардын, токойду калыбына келтирүүчү кыюулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
49) 53-берененин биринчи жана алтынчы бөлүктөрүндө "токой фондусунун участокторунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун участокторунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
50) 55-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-берене. Агротокойчулук Агротокойчулукта токойду пайдалануу жерлердин категориясынын өзгөчөлүктөрүнө, жерлердин түрлөрүнө жана токойлордун корголуу категориясына жараша колдонулушу мүмкүн болгон тутумдардын түрлөрүнөн турат жана аныкталат. Агротокойчулук тутумдарында токойду пайдалануу тутумдарынын түрлөрү, тартиби жана шарттары токой чарбачылыгы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
51) 56-беренеде:
а) экинчи абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участогунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) бешинчи абзацта "токой фондусун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун жер участогун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
52) 57-беренеде:
а) экинчи абзацта "жаңгак, мөмө-жемиш жана өзөндөрдө өскөн" деген сөздөр алып салынсын;
б) алтынчы абзацта "карагайлуу" деген сөз алып салынсын, "карт карагай" деген сөздөр "карт токой" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- башка кыюулар - ушул Кодекстин 55-беренесинде каралган кыюуга чектөөлөрдү кошпогондо, илимий максаттарда, токой чарбачылыгынын муктаждыктары үчүн курулушта, гидротүйүндөрдү, өткөргүч түтүктөрдү, жолдорду курууга жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токой аянттарын тазалоодо, токойдогу жолдорду жана өрткө каршы ажырым тилкелерди салууда, ошондой эле ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган токой пайдалануу учурларында дарактарды кыюу.";
53) 58-берененин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
54) 59-беренеде:
а) үчүнчү сүйлөмдөгү "Өнөр жай плантацияларын кыюуда жана утурумдук пайдаланууда жыгач даярдоонун" деген сөздөр "токойду багуу иретинде кыюунун, санитардык кыюунун, токойду калдыктардан тазалоонун, анча баалуу эмес дарактарды реконструкциялоого байланышкан кыюунун, токойду калыбына келтирүүчү кыюунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыйылуучу токой фонду жана жыгач даярдоонун көлөмү токой жайгаштыруу менен аныкталат.";
55) 62-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
56) 12-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
57) 63-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63-берене. Мамлекеттик токой фондунун аймагындагы илимий изилдөөлөр Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик токой фондунун ээлери тарабынан участоктор берилет, эгерде бул илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максаттарына ылайык келбесе, аларда токойду пайдаланууга чек коюлат же толугу менен тыюу салынат.";
58) 64-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
59) 65-беренеде "Токой фондусунун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
60) 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66-берене. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда калктын эс алуусу Токой чарба мекемеси жана аны менен макулдашуу боюнча башка уюмдар мамлекеттик токой фондунун участокторунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка талаптарын сактоо менен токой чөйрөсүн жана жаратылыш ландшафттарын сактоону эске алып, калктын эс алуусун уюштурууну жүзөгө ашыра алышат.»;
61) 67-беренеде:
а) биринчи бөлүктө "токой фондусунда" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык, областтык жана областтар аралык мамлекеттик органдар" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондун башкаруучу аймактык органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
62) 68-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
63) 69-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
64) 15-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
65) V бөлүмдүн аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
66) 16-главанын аталышында "Токой фондусун" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
67) 74-берененин аталышында жана текстинде "Токой фондусун", "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Мамлекеттик токой фондун", "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
68) 75-беренеде:
а) үчүнчү бөлүктүн төртүнчү абзацында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрдө:
- ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "бузуулар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) сегизинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын:
"Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуунун натыйжасында келип түшкөн каражаттар токойлорду эсепке алуу, коргоо, сактоо, токой өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларына жана келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммасынын 50 пайызы өлчөмүндөгү сыйакы катарында мыйзам бузуу фактыларын тапкан адамдарга (протоколдорду түзүүчүлөргө) төлөп берүүгө багытталат.";
69) 77-берененин аталышында жана текстинде "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
70) 78-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "токой фондусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик токой фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө ", менчик токой жерлеринин ээлери" деген сөздөр алып салынсын;
в) үчүнчү бөлүктө "токой чарбасын башкаруучу областтык, областтар аралык жана аймактык мамлекеттик органдар" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) алтынчы бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик токой фондунун авиациялык коргоо зоналары жана аны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
71) 79-беренеде:
а) биринчи бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке жана юридикалык жактар укук бузуулардын төмөнкү түрлөрүн жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш:";
- бешинчи абзацта "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарынын бузулушун;
- өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушун;
- токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелеринин бузулушун;
- токойду калыбына келтирүү эрежелеринин бузулушун;
- токойду өрттөө жолу менен же болбосо отко же башка жогорку коркунучтагы булакка текебердик, этиятсыздык менен мамиле кылуунун натыйжасында жок кылуунун же зыянга учуратуунун;
- санитардык эрежелерди бузуунун алдын алуу, ачуу жана токтотуу жүктөлөт.";
б) экинчи бөлүктө "Токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын аймактык, областтык, областтар аралык органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
72) 80-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80-берене. Токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана башка терс факторлордон сактоо Токойлорду сактоо алардын табигый өзгөчөлүктөрүн, максаттуу багытын эске алуу менен жүзөгө ашырылат жана токойлордун туруктуулугун жогорулатууга, токойлорду жок кылуудан, бузулуудан, начарлоодон, булгануудан келүүчү зыянды болтурбоого, токой зыянкечтеринен жана илдеттеринен, табигый жана антропогендик мүнөздөгү башка зыяндуу таасирлерден токой чарбачылыгындагы жоготууларды азайтууга багытталган иш-чаралардын тутумун билдирет. Токойлорду сактоо өзүнө төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт:
- токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды долбоорлоо жана жүргүзүү;
- санитардык-ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар;
- токойдун зыянкечтеринин, илдеттеринин очокторунда жок кылуу иш-чараларын долбоорлоо жана жүзөгө ашыруу;
- токой патологиясына мониторинг жүргүзүү;
- атайын экспедициялык токой патологиясын изилдөөлөр;
- токойду сактоо боюнча ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
Токойлорду сактоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
73) 81-берененин аталышында жана биринчи бөлүгүндө "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
74) VI бөлүмдүн аталышындагы "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
75) 17-главанын аталышында "Токой фондусуна" деген сөздөр "Мамлекеттик токой фондуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
76) 82 жана 83-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"82-берене. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жана токой мониторинги Токойлорду улуттук инвентаризациялоо токой саясатынын жана токой баскан жерлердин аянттарын жер фондунун категориялары боюнча бөлүштүрүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер отчетунун негизи болуп саналат. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген жерлерде жайгашкан Кыргыз Республикасынын токойлорунда жүргүзүлөт. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Токойлордун мониторинги токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун абалына жана өзгөрүү динамикасына байкоо жүргүзүү, баа берүү жана прогноздоо тутумун билдирет. Токой мониторингин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001400/st-30" title="30-берене - Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>