Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
100-берене. Токой чарбачылыгынын чыгашалары жана жоготуулары
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы
Ата мекендик инвесторлор тарабынан жүзөгө ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар электр энергетикалык өндүрүштүк ири кубаттуулуктардын, чакан ГЭСтердин курулушуна которулуучу (трансформациялануучу) мамлекеттик токой фондунун жерлерин кошпогондо, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордо жеке жана юридикалык жактардын иштеринин натыйжасында пайда болгон токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын орду толтурулууга тийиш. Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын орду төмөнкү учурларда толтурулат:
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун участокторун мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуда;
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун участокторун жер фондунун башка категорияларына которууда (трансформациялоодо);
- мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлорду токой чарбачылыгын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарда пайдаланууда;
- юридикалык жана жеке жактардын ишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын токойлорунун жана мамлекеттик токой фондунун башка жерлеринин сапаттык абалы начарлаганда.
Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттар токойлорду коргоо, сактоо, өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Токой чарбачылыгынын чыгашаларын жана жоготууларын эсептөөлөр мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин жана жер фондунун башка категориялардагы жерлеринде жайгашкан токойлордун нарктык баасы (ченемдик баасы) аркылуу жүргүзүлөт, алардын ордун толтуруунун методикасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Токой чарбачылыгынын чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтурууга жана алардын өлчөмдөрүн аныктоого байланышкан талаштар сот тартибинде чечилет.";
91) 101-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
92) 103-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
93) 104-берененин экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001400/st-100" title="100-берене - Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>