Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарында кол коюлган «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууга жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган «Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу» боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-ноябры № 680-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. 2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууга жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган макулдашууларды ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 680-т тескемеси менен жактырылган
2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууга жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашуу жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуу (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган: Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 6-1974/23, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 6-25502/22, Социалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 6-1558/23 жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 145-т тескемеси менен жактырылган. Корея Республикасынын Өкмөтү Экономикалык өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу фондуна (Economic Development Cooperation Fund - EDCF) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууну каржылоо үчүн Корея Республикасынын экспорттук-импорттук банкы аркылуу 27000000 (жыйырма жети миллион) АКШ доллары эквивалентинен ашпаган өлчөмдө корея вонунда кредит бөлүп берүүнү тапшырды. Макулдашууларды жүзөгө ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- иштеп жаткан оорукананы кеңейтүүгө;
- оорукананы заманбап медициналык жабдыктар менен жабдуу, ошол эле мезгилде медициналык персоналды аны пайдаланууга үйрөтүү;
- оорукананын маалыматтык системасын түзүү жана персоналды бул багыт боюнча окутуу;
- бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу;
- оорукана ичиндеги жугуштуу ооруларга өз учурунда профилактика жүргүзүү.
Насыя 40 жылга жоюу мөөнөтү менен берилет, жеңилдетилген мезгил - 10 жыл, пайыздык ставка - 0,1% жылдык жана тейлөө үчүн комиссия - ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1%. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кыргыз тараптан кошо каржылоо 1259000 (бир миллион эки жүз элүү тогуз миң) АКШ доллары өлчөмүндө, ошондой эле зарыл болгон салыктар жана жыйымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Кошумча каржылоонун зарыл болгон каражаттары 2023-жылга мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетинин алкагында кошо каржылоо каражаттарын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралат. Ошондой эле кошо каржылоо каражаттарынын зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин берилген суммаларынын негизинде кийинки жылдарга зарыл болгон каражаттарды карайт. Медициналык персоналды окутууга, коомдук инфраструктурага, жер сатып алууга багытталган 1259000 (бир миллион эки жүз элүү тогуз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кошо каржылоодон тышкары, ошондой эле долбоордо долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында салыктарды жана жыйымдарды жабууга жана күтүлбөгөн чыгымдардын бөлүгүн жабууга Кыргыз Республикасынын кошо каржылоосу каралган. Долбоорду иштеп чыгууда корей тарап кыргыз тарап үчүн курулуш үчүн жер участогун даярдоо, коммуникацияларды (суу менен камсыздоо, электр энергиясы, трансформаторду күчөтүү, жылытуу) коюуга, ошондой эле аппаратураны жана медициналык жабдууну сатып алууга бажы алымдарынан, жыйымдарынан, КНСтен бошотуу шартын койгонун баса белгилей кетүү керек. Ошентип, 1259000 (бир миллион эки жүз элүү тогуз миң) АКШ доллары суммасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 264000 (эки жүз алтымыш төрт миң) АКШ доллары - жердин наркы (13,2 сотых);
- 965000 (тогуз жүз алтымыш беш миң) АКШ доллары - коомдук инфраструктурага, тышкы тармактарды (курулуш үчүн жер участогун даярдоо, байланыштарды орнотуу, анын ичинде суу менен камсыздоо, электр энергиясы, трансформаторду күчөтүү, жылытуу) коюу;
- 30000 (отуз миң) АКШ доллары - медициналык окутуу.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуулар ратификацияланууга тийиш. Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансылык, экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 145-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы…Распоряжение · 29.03.2023 · № 145-р