Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 163
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү;
2) калктын билим деңгээлин жана сергек жашоо образын калыптандырууда жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын көмөктөшүүсү;
3) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) саламаттык сактоо уюмдарынын, медициналык жана фармацевттик өнөр жайдын аларга ишенип берилген аймактардагы материалдык-техникалык базасынын өнүгүшү жана иштеши үчүн шарттарды түзүү;
5) аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүн, калктын жыныстык, жаш курактык курамын эске алуу менен саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу;
6) калктын билим деңгээлин жана сергек жашоо образын түзүүдөгү жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын, коомдук уюмдарды тартуу;
7) бийик тоолуу жана алыскы айыл райондорунда иштеген муниципалдык жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана фармацевттик кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу жана аларды карап күтүү боюнча жеңилдиктерди берүү;
8) ишке жиберилген жаш адистерге турак жай аянттарын, жер үлүштөрүн жана башка мүлктү берүү;
9) канды, анын компоненттерин алуу үчүн зарыл болгон орун жайларды акысыз берүү жана шарттарды түзүү;
10) биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктарды утилдештирүүнү, жакындары издебеген өлүктөрдү көмүүнү камсыз кылуу;
11) саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруудагы ишин координациялоо;
12) жеке медициналык практика жана фармацевттик иш менен алектенүүчү жана өзүнүн ишин коммерциялык эмес негизде жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүдөй түрдө колдоо көрсөтүү:
а) алардын менчигинде турган мүлктү ижара келишиминин негизинде убактылуу ээлик кылууга же пайдаланууга берүү;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка түрлөрдө;
13) жарандардын репродуктивдик саламаттыгын чыңдоо жаатында мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишти координациялоо жана контролдоо;
14) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү аркылуу жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды камсыздоо;
15) мамлекеттик укуктарды ыйгаруу жөнүндөгү мыйзамда же келишимде каралган, жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоого багытталган ар жылдык каржылоону камсыздоо;
16) донорлорго кошумча сыйлыктарды берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
17) инфекциялык эмес оорулары өтүшүп кеткен адамдарга ар кандай социалдык жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
18) кургак учук менен ооруп калган жана ооруп айыккан адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү;
19) эмчек эмизүүнү коргоону камсыздоо.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо алынып салынды: жаатындагы өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагындагы кошулду: чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) алынып салынды: калктын жашоо-тиричилигинин анын саламаттыгын коргоого жана чыңдоого, оорулардын алдын алууга жана санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыкка өбөлгө түзүүчү зарыл болгон шарттарынын комплексин камсыздоо;
2) жарандардын саламаттыгын сактоо алынып салынды: жаатында кошулду: жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке алынып салынды: ашыруу;
кошулду: ашырууга көмөктөшүү;
2) калктын билим деңгээлин жана сергек жашоо образын калыптандырууда жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын көмөктөшүүсү;
3) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы аймактык программаларды … социалдык колдоо көрсөтүү;
19) эмчек эмизүүнү коргоону камсыздоо.
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>