76-берене. Мамлекет тарабынан кепилденген психиатриялык жана наркологиялык жардамдын жана социалдык коргоонун түрлөрү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
1. Мамлекет тарабынан төмөнкүлөр кепилденет:
1) кечиктирилгис психиатриялык жана наркологиялык жардам;
2) Министрлер Кабинети бекитилүүчү оорулардын тизмеги боюнча ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда консультациялык-диагноздоо, дарылоо, психикалык жактан алдын алуу, реабилитациялык жардам;
3) психиатриялык, медициналык-психологиялык жана наркологиялык экспертизанын бардык түрлөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздыкты аныктоо;
4) психикасы бузулган адамдарга социалдык-укуктук жардам берүү жана ишке орноштурууга көмөктөшүү;
5) камкордук маселелерин чечүү;
6) психиатриялык, наркологиялык уюмдарда жана социалдык стационардык мекемелерде укуктук маселелер боюнча консультациялар жана юридикалык жардамдын башка түрлөрү;
7) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана психикасы жана жүрүм-туруму бузулган улгайган жарандарды социалдык-тиричиликтик жайгаштыруу, ошондой эле аларды багуу;
8) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана психикасы менен жүрүм-туруму бузулган жашы жете электерди окутуу;
9) табигый кырсыктарда жана кыйроолордо психиатриялык жана психологиялык жардам көрсөтүү.
2. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарды камсыз кылуу жана аларды социалдык жактан коргоо үчүн мамлекет:
1) ооруканадан тышкары жана стационардык психиатриялык, наркологиялык жана медициналык-психологиялык жардам көрсөтүүчү уюмдардын бардык түрлөрүн мүмкүн болушунча бейтаптар жашаган жери боюнча түзөт;
2) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган жашы жете электерге жалпы билим берүүнү жана кесиптик окутууну уюштурат;
3) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эмгек терапиясы, жаңы кесиптерге окутуу жана бул ишканаларга жумушка орноштуруу үчүн дарылоо-өндүрүштүк ишканаларды, ошондой эле мындай адамдар үчүн эмгектин жеңилдетилген шарттары бар атайын өндүрүштөрдү, цехтерди же участокторду түзөт;
4) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарды жумушка орноштуруу үчүн ар кандай профилдеги ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумуш орундарынын милдетүү квоталарын белгилейт;
5) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга жумуш орундарын берүүчү ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн экономикалык дем берүү методдорун колдонот;
6) социалдык байланыштарын жоготкон, психикасы жана жүрүм-туруму бузулуудан жабыр тарткан адамдар үчүн жатаканаларды түзөт;
7) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн зарыл болгон башка чараларды көрөт.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 749 "Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык…Постановление · 10.12.2024 · № 749
- Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн…Перечень · 10.12.2024 · № 749
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-76" title="76-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>