Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 749 токтому менен бекитилген тиркеме
Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмеги
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардамдын алкагында ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмеги (мындан ары – Тизмек) “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 76-беренесине ылайык ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык жардам мамлекет тарабынан кепилденген оорулардын тизмесин аныктайт.
2. Бул Тизмекте пайдаланылуучу аныктамалар:
1) консультациялык-диагностикалык жардам – бул пациенттин ден соолугунун абалын баалоого, ооруну аныктоого, ошондой эле дарылоо жана профилактикалоо боюнча кесипкөй сунуштарды берүүгө багытталган медициналык жардамдын түрү;
2) дарылоо жардамы – бул оорунун симптомдорун жок кылууга же жеңилдетүүгө, ден соолукту калыбына келтирүүгө жана кабылдоолорду болтурбоого багытталган медициналык чаралардын комплекси. Дарылоо жардамы оорунун мүнөзүнө жана оордугуна жараша амбулатордук, стационардык жана шашылыш дарылоону кошуп алганда ар кандай формада көрсөтүлүшү мүмкүн. Психикалык-активдүү заттарды колдонуудан келип чыккан бузулуулары бар адамдарга дезинтоксикациялык жана колдоочу терапияда пайдаланылуучу медициналык препараттардын көлөмү бекитилген клиникалык колдонмолорго, протоколдорго жана медициналык жардамдын стандарттарына ылайык аныкталат;
3) психикалык-профилактикалык жардам – бул психикалык бузулуулардын пайда болушунун алдын алууга, ошондой эле алардын өнүгүү же күчөп кетүү коркунучун азайтууга багытталган
иш-чаралардын комплекси. Психикалык бузулуулар көбүнчө психикалык-активдүү заттарды колдонуунун бузулушу менен коштолот жана психикалык-активдүү заттарды колдонуу бузулуулары бар адамдардын дарылоону начар карманышынын негизги себеби болуп саналат. Психикалык-профилактикалык жардамдын элементтерине төмөнкүлөр кирет: психологиялык кеңеш берүү, психологиялык окутуу, стрессти профилактикалоо жана маалыматтык программалар. Профилактикалык билим берүү программалары, окуу материалдары жана иш-чаралар психикалык-активдүү заттарды колдонууну профилактикалоо жаатындагы илимий негизделген ыкмаларга ылайык келиши керек;
4) реабилитациялык жардам – бул психикалык-активдүү заттарды кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында организмдин жоголгон же бузулган функцияларын калыбына келтирүүгө багытталган медициналык, психологиялык жана социалдык иш-чаралардын комплекси. Реабилитациялоонун негизги максаты – пациенттин жашоо сапатын жакшыртуу, алардын социалдык жана жумушка ыңгайлашуусу, ошондой эле заттарды колдонуунун бузулушунун рецидивдерин профилактикалоо;
5) оорулардын жана саламаттык менен байланышкан көйгөйлөрдүн эл аралык статистикалык классификациясы – саламаттык сактоодо алдынкы статистикалык жана классификациялык негиз катары пайдаланылуучу документ. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчилигинде он жылда бир жолу кайра каралып турат. Оорулардын эл аралык классификациясы (ОЭК) методикалык ыкмалардын бирдиктүүлүгүн жана материалдардын эл аралык салыштырмалуулугун камсыз кылуучу ченемдик документ болуп саналат.
2. Ооруканадан тышкары шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмеги
№
Оору
Оорулардын эл аралык статистикалык классификациясы боюнча 10-кайра кароодогу коддор
1
Алкоголду колдонуудан келип чыккан психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
1.2
Интоксикация абалы – жеңил даражадагы
F10.0
1.3
Алкоголду колдонуудан келип чыккан психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары. Зыяндуу колдонуу
F10.1
1.4
Ремиссия стадиясындагы көз карандылык синдрому
F10.2
1.5
Токтотуу синдрому – жеңил даражадагы
F10.3
1.6
Узакка созулган курация үчүн психотикалык бузулуунун курч абалын азайткандан кийин резидуалдык, калдык жана кийинкиге калтырылган психотикалык бузулуулар
F10.4, F10.5, F10.6, F10.7
2
Опиоиддерди колдонуудан келип чыккан психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
2.1
Токтотуу синдрому –жеңил даражадагы
F11.3
2.2
Көз карандылык синдрому: кармануу, ремиссия стадиясында
F 11.2
2.3
Опиоиддик агонисттер менен колдоо терапиясында учурдагы көз карандылык синдрому
F 11.22
3
Каннабиноиддерди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
3.1
Токтотуу синдрому
F12.3
3.2
Ремиссия стадиясындагы көз карандылык синдрому
F12.2
3.3
Узакка созулган курация үчүн психотикалык бузулуунун курч абалын азайткандан кийин резидуалдык, калдык жана кийинкиге калтырылган психотикалык бузулуулар
F12.4
4
Седативдик жана уктатуучу заттарды колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
4.1
Токтотуу синдрому – жеңил даражадагы
F13.3
4.2
Көз карандылык синдрому: кармануу, ремиссияда
F13.2.
5
Кокаинди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
5.1
Токтотуу синдрому– жеңил даражадагы
F14.3
5.2
Көз карандылык синдрому: кармануу, ремиссияда
F14.2
6
Башка стимуляторлорду колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
6.1
Токтотуу синдрому – жеңил даражадагы
15.3
6.2
Көз карандылык синдрому: кармануу, ремиссияда
F15.2
6.3
Узакка созулган курация үчүн психотикалык бузулуунун курч абалын азайткандан кийин резидуалдык, калдык жана кийинкиге калтырылган психотикалык бузулуулар
F15.4
7
Галюциногендерди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
7.1
Токтотуу синдрому – жеңил даражадагы
16.3
7.2
Көз карандылык синдрому: кармануу, ремиссияда
F16.2
7.3
Узакка созулган курация үчүн психотикалык бузулуунун курч абалын азайткандан кийин резидуалдык, калдык жана кийинкиге калтырылган психотикалык бузулуулар
F16.4, F16.5
8
Учма эриткичтерди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
8.1
Токтотуу синдрому – жеңил даражадагы
F18.3
8.2
Көз карандылык синдрому: кармануу, ремиссияда
F18.2
8.3
Узакка созулган курация үчүн психотикалык бузулуунун курч абалын азайткандан кийин резидуалдык, калдык жана кийинкиге калтырылган психотикалык бузулуулар
F18.4
9
Баңги заттарды айкалыштырып колдонуунун жана башка заттарды колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
9.1
Токтотуу синдрому – жеңил даражадагы
F19.3
9.2
Көз карандылык синдрому: кармануу, ремиссияда
F19.2
9.3
Узакка созулган курация үчүн психотикалык бузулуунун курч абалын азайткандан кийин резидуалдык, калдык жана кийинкиге калтырылган психотикалык бузулуулар
F19.4
3. Стационардык шарттарда дарылоо үчүн психикалык жана жүрүм-турум бузулууларынын тизмеги
№
Оору
Оорулардын эл аралык статистикалык классификациясы боюнча 10-кайра кароодогу коддор
1
Алкоголду колдонуудан келип чыккан психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
1.1
Курч интоксикация – орточо оор, оор даражаларда (кечиктирилгис жардам бөлүмдөрүндө/палаталарында, токсикология бөлүмдөрүндө, анестезиология жана реанимация бөлүмдөрүндө, саламаттык сактоо уюмдарынын базасында интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө)
F10.0, F10.1
1.2
Орточо жана оор даражада токтотуу синдрому
F10.3
1.3
Орточо жана оор даражада талма менен коштолгон токтотуу синдрому
F10.31
1.4
Делирий менен токтотуу синдрому
F10.4
1.5
Делирий жана талма менен токтотуу синдрому
F10.41
1.6
Психотикалык бузулуулар
F10.5
1.7
Амнестикалык синдром
F10.6
2
Опиоиддерди колдонуудан келип чыккан психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
2.1
Оор даражада катуу интоксикация (кечиктирилгис жардам бөлүмдөрүндө/палаталарында, токсикологиялык бөлүмдөрдө, анестезиология жана реанимация бөлүмдөрүндө жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын базасында)
F11.0
2.2
Токтотуу синдрому – орточо, оор даражада
F11.3
3
Каннабиноиддерди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
3.1
Каннабиноиддерди токтотуу абалы (дисфункционалдык жүрүм-турумда, кабылдоонун бузулушунда)
F12.3
3.2
Делирий менен токтотуу абалы
F12.4
4
Седативдик жана уктатуучу заттарды колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
4.1
Токтотуу синдрому – орточо, оор даражада
F13.3
5
Кокаинди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
5.1
Токтотуу синдрому– орточо, оор даражада
F14.3
6
Башка стимуляторлорду колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
6.1
Токтотуу синдрому – орточо, оор даражада
F15.3
6.2
Делирий менен токтотуу синдрому
F15.4
7
Галюциногендерди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
7.1
Токтотуу синдрому – орточо, оор даражада
F16.3
7.2
Делирий менен токтотуу синдрому
F16.4
8
Учма эриткичтерди колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
8.1
Токтотуу синдрому – орточо, оор даражада
F18.3
8.2
Делирий менен токтотуу синдрому
F18.4
9
Баңги заттарды айкалыштырып колдонуунун жана башка заттарды колдонуунун кесепетинен психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары
9.1
Токтотуу синдрому – орточо, оор даражада
F19.3
9.2
Делирий менен токтотуу синдрому
F19.4
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 749 "Консультациялык-диагностикалык, дарылоо, психикалык-профилактикалык жана реабилитациялык…Постановление · 10.12.2024 · № 749