Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
53-берене. Жарандардын саламаттык сактоого укуктары
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 4-глава
1. Жарандар жынысына, расасына, жаш курагына, этностук таандыгына, тилине, майыптыгына, үй-бүлөлүк абалына, дин тутуусуна, саясий же башка көз карашына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, жашаган жерине карабастан Кыргыз Республикасында саламаттык сактоого ажыратылгыс укуктарга ээ, алар төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
1) айланадагы жаратылыш чөйрөсүн коргоо, жарандардын эмгегинин, тиричилигинин, эс алуусунун, тарбия жана билим алуусунун жагымдуу шарттарын түзүү, коопсуз тамак-аш азыктарын жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана сатуу;
2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алуу, ошондой эле жеке медициналык практика менен алектенген адамдардан медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
3) жарандарга республиканын бүткүл аймагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;
4) өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо укугун берүү;
5) жарандарга үй-бүлөлүк врачты, жалпы практикадагы врачты эркин тандоо, ошондой эле стационарларда дарылоочу врачты тандоо мүмкүндүгүнө укук берүү;
6) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү көлөмдө жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегине киргизилген дары каражаттары менен камсыздоо;
7) медициналык көрсөткүчтөр боюнча тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;
8) жыныстык-курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алдын алуучулук медицина, гигиена, сергек жашоо образын калыптандыруу маселелери боюнча маалымат берүү;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды берүү.
2. Кыргыз Республикасынын АИВ-инфекциясын жуктуруп алган жарандары башка жарандар менен тең укукта балдарды асырап алууга жана көмөкчү репродуктивдик методдорду жана технологияларды пайдаланууга укуктуу.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 "Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз…Постановление · 30.05.2025 · № 299
- КР Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-жылдагы №299 токтомуПостановление · 30.05.2025 · № КМ №299
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-53" title="53-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>