Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардын саламаттыкты коргоого укуктарын сактоо жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө басмырлоого жол бербөө, түрдүү социалдык топтордун жыныстык-курактык муктаждыктарын эсепке алуу жана жарандарды саламаттыгынан ажыраган учурда социалдык коргоону камсыз кылуу;
2) калктын бардык топтору үчүн медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуу жардамдарынын жеткиликтүүлүгү, ДМЧАлардын медициналык-санитардык жардам алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
3) медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн комплекстүү интеграцияланган тутумун түзүү жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды түзүү менен саламаттык сактоо тармагын калктын бардык топторунун муктаждыктарына ылайык өнүктүрүү;
4) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жарандардын медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз/жеңилдетилген шартта пайдалануусу;
5) жарандардын өздөрүнүн саламаттыгын, балдарынын, ата-энелеринин жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн жоопкерчилиги;
6) медициналык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүнүн илимий негиздүүлүгү;
7) калктын, коомдук уюмдардын саламаттыкты сактоо маселелерин чечүүгө жигердүү катышуусунда калктын сергек жашоо образын жактоосун калыптандыруу менен саламаттык сактоонун алдын алуучу багытталуусу;
8) жарандардын саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылбагандыгы үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
9) медициналык-санитардык жардам көрсөткөн адамдардын анын коопсуздугун жана сапатын камсыздабагандыгы үчүн жоопкерчилиги;
10) кан жана анын компоненттерин берүүнүн ыктыярдуулугу, ошондой эле донордук функцияларды аткаруу учурунда мамлекеттик кепилдиктерди, социалдык коргоону камсыздоо менен донордун ден соолугунун жана укуктарынын сакталышына кепилдиктер;
11) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарды ишке ашырууда адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун артыкчылыгы;
12) мамлекеттик программалардын Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталуусу;
13) эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.07.2016 · № 99
- Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 167
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябры № 618 "2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын…Постановление · 15.09.2026 · № 618 · Күчүнө кире элек
- Жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.04.2016 · № 52 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>