Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
43-берене. Эркиндиги чектелген адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 3-глава
1. Соттун өкүмү чыгарылбастан мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген, соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларынан сырткаркы жазасын өтөп жаткан, убактылуу камоо изоляторлоруна, жаза-аткаруу тутумунун атайын мекемелерине жайгаштырылган адамдарга медициналык-санитардык жардамды түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте көрсөтөт.
2. Эркиндигинен ажыратуу жайларына жүргөн, зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипке жана шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Терминалдык баскычтагы зилдеме жаңы шишиктерден жапа чеккен адамдар эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулат.
4. Мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген адамдарга психологиялык-психиатриялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар, же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети белгилөөчү тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-43" title="43-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>