24-берене. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
1. Медицина жана фармацевтика кызматкерлери медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин укуктарын коргоо, медициналык жана фармацевтикалык ишти өнүктүрүү, илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү, медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин кесиптик иши менен байланышкан башка маселелерди чечүү максатында кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
2. Кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана ишин жүзөгө ашырат жана саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин ыктыярдуу бирикмесине негизденген коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат.
3. Мамлекеттик бийлик органдары кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдардын ишине ар тараптуу жардам көрсөтөт.
4. Кесиптик медициналык, фармацевттик жана башка коомдук уюмдар жарандардын ден соолугун коргоону жана чыңдоону камсыз кылууга, сергек жашоо образын пропагандалоого өздөрүнүн уставдарына, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык катышат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-24" title="24-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>