23-берене. Жарандык коом институттарын колдоо
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
Жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) саламаттык сактоо маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышууга;
2) саламаттык сактоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катышууга;
3) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, аны каржылоого, ошондой эле калк арасында кандын жана анын компоненттеринин кайтарымсыз ыктыярдуу донорлугун пропагандалоого жана өнүктүрүүгө катышууга;
4) белгиленген азыктарды, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн жана жайылтуучулардын көңүлүн анын талаптарына шайкеш келбеген ишке бурууга.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>