180-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 14-глава
1. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарында, жарандык мыйзамдарында, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө жоопкерчилик тартышат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын жоопкерчилиги калкка медициналык жана алдын алуучулук кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан иш-чараларга багытталуучу акча каражаттарына жана мүлккө жайылтылбайт.
3. Бейтап дарылоочу врачтын жазма буйругун сактабаганда, анын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн саламаттык сактоо уюмдары жооп бербейт.
4. Медицина кызматкерлеринин, башка адистердин, социалдык камсыздоо жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтык комиссиялардын жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинтүүчү чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
180-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-180" title="180-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>