165-берене. Саламаттыгын сактоо укугу
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 12-глава
1. Медицина жана фармацевт кызматкерлери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу өзүнүн саламаттыгын сактоого укуктуу.
2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынан медицина кызматкерлерине вакцинацияга, кесиптик иши менен байланышкан ооруларды дарылоого кеткен чыгымдарды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөп берет, ошондой эле мезгил-мезгили менен милдеттүү медициналык кароодон өтүүнү камсыз кылат.
3. Иши зыяндуу шарттар жана кызматкерлердин саламаттыгына залал келтирүү мүмкүнчүлүгү менен коштолгон саламаттык сактоо уюмдарында өз ишин жүзөгө ашырган медицина, фармацевт жана башка кызматкерлери белгиленген уюмдун каражаттарынын эсебинен динамикалуу байкоодо болуу укугуна ээ.
4. Эмгек милдеттерин же кесиптик парзын аткарууда медицина жана фармацевт кызматкерлеринин ден соолугуна зыян келтирилген учурда, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте аларга келтирилген зыяндын орду толтурулат.
5. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарынын кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда эмгек милдеттерин же кесиптик парзын аткарууда каза болгон учурда, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.
6. Өзгөчө кырдаал шарттарында, согуш аракеттери жүрүп жатканда эмгек милдеттерин же кесиптик парзын аткаруучу медицина кызматкерлерине, ошондой эле аталган шарттарда ден соолугуна зыян келтирилгенде, каза болгон учурда Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу көлөмдө жана тартипте компенсациялар төлөнөт.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
165-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-165" title="165-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>