152-берене. Медициналык иштин мазмуну
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 12-глава
1. Медициналык иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) адамга жынысына, жаш курагына, улуттук жана расалык таандыктыгына, социалдык абалына, саясий жана диний көз караштарына, дин тутуусуна, тилине жана дүйнөгө көз карашына карабастан медициналык жардам көрсөтүү;
2) сергек жашоо образын жайылтуу;
3) алдын алуу иш-чараларын уюштуруу;
4) кесиптик сапаттарды жакшыртуу жана медициналык тажрыйба топтоо;
5) саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу;
6) медициналык билим берүү уюмдарындагы окутуучулук иш;
7) медициналык илимий-изилдөө уюмдарындагы илимий-изилдөө иши.
2. Медицина кызматкери иштеген медициналык мекеменин менчигинин түрүнө карабастан, ал коомдук саламаттык сактоо жаатындагы кесиптик жана коомдук уюмдар, социалдык өнөктөштөр жана бийлик органдары менен кызматташа алат.
3. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, медицина кызматкерлери фармацевттик иш менен алектенүүгө укуксуз.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
152-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-152" title="152-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>