151-берене. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин аттестациялоо жана каттоо
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 12-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 241
1. Кесиптик квалификацияны колдоо, даярдоо деңгээлин жогорулатуу, ээлеген кызматына ылайык келүү, ишкер сапаттарды аныктоо жана кызмат боюнча жогорулатуу максатында медицина жана фармацевт кызматкерлери, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучулары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аттестациялоону жүргүзүү боюнча функциялар ыйгарылган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар же кесиптик ассоциациялар, бирикмелер тарабынан жүргүзүлүүчү аттестациялоодон мезгил-мезгили менен, бирок беш жылда бирден кем эмес жолу өтүүгө тийиш.
Аттестациялоону жүргүзүү боюнча функцияларды берүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, медицина жана фармацевт кызматкерлерин, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучуларына аттестациялоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевттик иш менен алектенүүгө укуктуу болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кесиптик аттестациялоодон өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин каттоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин каттоонун тартиби жана шарттары, ошондой эле алардын реестрин жүргүзүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
151-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен, бирок беш жылда бирден кем эмес жолу өтүүгө тийиш. кошулду: Аттестациялоону жүргүзүү боюнча функцияларды берүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 2. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү саламаттык сактоо … жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-151" title="151-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>