135-берене. Альтернативдик медициналык экспертиза
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 10-глава
1. Жаран ушул Мыйзамдын 131 жана 132-беренелеринде каралган экспертизалардын корутундуларына карата сотко даттанган учурда, судьянын токтому боюнча альтернативдик медициналык экспертиза дайындалышы мүмкүн. Жаран каза болгон же жеке өзү даттануу мүмкүндүгүнөн ажыратуучу ооруга чалдыккан учурда, даттануу укугуна анын жубайы, жакын туугандары же мыйзамдуу өкүлү ээ болот.
2. Альтернативдик медициналык экспертиза анын натыйжаларына карата жаран даттанган медициналык-социалдык экспертизаны же аскердик-врачтык экспертизаны өткөрүүгө катышкан эксперттерге, ошондой эле альтернативдик медициналык экспертизанын натыйжаларына кызыкдар болгон органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына жана жарандарга кызматтык же башка көз карандыда болгон эксперттерге тапшырылышы мүмкүн эмес. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган даттанууну берген жаран сотко альтернативдик медициналык экспертизаны белгилүү бир саламаттык сактоо уюму же белгилүү бир эксперт тарабынан өткөрүү жөнүндө өтүнмө берүү укугуна ээ.
3. Альтернативалык медициналык экспертиза өткөрүүдөгү соттук чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулуп берилет.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
135-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-135" title="135-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>