131-берене. Медициналык-социалдык экспертиза
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 10-глава
1. Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун даражасын, майыптыктын себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо чараларын, анын ичинде медициналык реабилитациялоону аныктоо максатында жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза медициналык-социалдык экспертиза уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга медициналык-социалдык экспертиза Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. Медициналык-социалдык экспертиза уюмдарын түзүүнүн жана алардын ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Медициналык-социалдык экспертиза уюмдарынын чечими мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка адамдардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өзүнүн арызы боюнча медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө катышуу үчүн кайсы болбосун врач-адисти анын макулдугу боюнча чакырууга укуктуу.
4. Медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу жогору турган уюмга же сотко жаран же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
131-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-131" title="131-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>