128-берене. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 9-глава
1. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) органдын иштөөсү жетишсиздигинде;
2) донордук органдар (органдын бөлүгү) жана (же) ткандар (ткандын бөлүгү) жок болсо;
3) жасалма органдарды жана ткандарды трансплантациялоо үчүн каршы көрсөтмөлөр болбогон учурда.
2. Жасалма органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо үчүн көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
3. Жасалма органдары (органдын бөлүгү) жана (же) ткандары (ткандын бөлүгү) бар Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) потенциалдуу реципиенттеринин каттоосуна саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте киргизилет.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
128-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-128" title="128-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>