127-берене. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алуунун шарттары
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 9-глава
1. Реципиентке трансплантациялоо үчүн тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууга төмөндөгү шарттар сакталган учурда жол берилет:
1) эгерде органдарды жана (же) ткандарды алуу боюнча алдыдагы операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгы үчүн мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөр жөнүндө донор эскертилген болсо;
2) эгерде донор ар тараптуу медициналык текшерүүдөн өтсө жана анын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо үчүн алууга мүмкүн экендиги жөнүндө врач-адистердин консилиумунун корутундусу бар болсо.
2. Тирүү донордун органдарын алууга, эгерде ап реципиент менен генетикалык байланышта болсо, (жүлүндү алмаштыруу учурларын кошпогондо) жол берилет.
Ушул Мыйзамда генетикалык байланыш деп чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелерине чейин (ата-энеси, балдары, ата-энеси бир жана ата-энеси ар башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы жана таятасы, чоц энеси жана таенеси, чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелери, неберелери, чөбөрөлөрү, башка кандаш туугандары) жалпы ата-бабалары бар адамдардын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте тиешелүү документтердин негизинде ырасталган туугандык байланышы түшүнүлөт.
3. Тирүү донордон трансплантациялоо үчүн ал органдын жоктугу ден соолугунун кайра ордуна келгис бузулушуна алып келбей турган жуп органдарынын бири, органдын же ткандын бир бөлүгү алынышы мүмкүн.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
127-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 322 "Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо…Постановление · 05.06.2025 · № 322
- КР Министрлер Кабинетинин 05.06.2025-ж., № 322 токтомуПостановление · 05.06.2025 · № 322
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-127" title="127-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>